Меню
Эл-Сөздүк

Наказание

ЖАЗА – мамлекеттин атынан сот өкүмү боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөлүү деп таанылган күнөкөрлөрдү укугу менен эркиндигинен ажыратуу же чектөө менен корутундулана турган мажбурлоо чарасы (жаза). Ж. социалдык акыйкаттуулукту калыбына келтирүү, күнөкөрлөрдү түзөтүү, ошондой эле күнөкөрлөр менен башка жактардын дагын да кылмыш жасоосун алдыналуу максатында колдонулат. Ж. бирөөлөргө денебой жактан кыйноо тарттыруу же адамдык ар-намысын тебелөө максатын көздөбөйт. КРде төмөндөгүдөй жаза түрлөрү колдонулат: а) коомдук иштерге тартуу; б) жазапул ; в) үчилтик айып ; г) белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же кандайдыр бир ишенимдүүлүктү жүргүзүү укугунан ажыратуу ; д) тартипке салуу аскер бөлүгүндө кармоо ; е) камак ; ж) эркиндигинен ажыратуу ; з) өлүм жазасы. Негизги жазалардан сырткары, төмөндөгүдөй кошумча жазалар да колдонулушу мүмкүн: а) атайын, аскердик же ардак наамынан, класстык ченинен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу ; б) мүлкүн тартып алуу. Ал эми жазапул салуу менен белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иштерди жасоо укугунан ажыратуу чаралары негизги жаза катарында да, кошумча жаза катарында да колдонула берет.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: