Меню
Эл-Сөздүк

Давность

ЭСКИРТКИ – кылмыш-жаза укугундагы белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, кылмыш жасаган жакты кылмыш жоопкерчилигинен кутулта турган мөөнөт. Э. мөөнөт жасалган кылмыштын оордугуна же тартылган жазага жараша болот. Э. мөөнөтү 2 жылдан 15 жылга чейинки мезгилди камтыйт. Кылмыш жасап, өлүм жазасына тартыла турган адамга Э-ни колдонуу маселеси сот тарабынан чечилет. Эгер сот ага карата Э-ни колдонууну туура тапса, өлүм жазасына тартылбастан, эркинен ажыратуу чарасы чектелет. КР мыйзамдарында атайын каралгандай шартта, тынчтык менен адамзаттын коопсуздугуна каршы келе тургандай кылмыш жасалган учурда, Э. колдонулбайт (кара: Эскирүү мөөнөтүн колдонбоо ).
Перевести через онлайн Переводчик

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: