Меню
Эл-Сөздүк

Алгачтергөө

АЛГАЧТЕРГӨӨ – кылмышты алдынала иликтөөнүн түрү. Алдынала тергөөдөн А. аны ишке ашыруучу органы, ошондой эле алардын процесстик иштеринин көлөмү жана мөөнөтү боюнча айырмаланат. Кылмыш иши боюнча алдынала тергөө жүргүзүү сөзсүз милдеттүү болсо, А. органы аны козгойт жана кылмыш-жаза-процесстик мыйзам эрежелерин жетекчиликке алуу менен кылмыштын издерин аныктоо жана бышыктоо: карап чыгуу, тинтүү, шектүү нерселерди чогултуп алуу, күбөлөндүрүү, шектүүлөрдү кармоо жана суракка алуу, жабырлануучуларды жана күбөлөрдү суракка алуу боюнча кечиктирилгис иликтөө иштерин жүргүзөт. А. органы ашкереленген кылмыш иши жана башталган А. тууралуу токтоосуз кабарландырат. А. органы жүргүзүлгөн кечиктирилгис изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын тергөөчүгө өткөрүп берүүгө милдеттүү. Алдынала тергөө иштерин жүргүзүү милдеттүү болбосо, аны толук А. органы изилдейт.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: