Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

СОГУУ

СОМДОО — Зергерчиликтин ыкмасы. Бул — темир бетине ар кандай сөлөкөттөрдү түшүрүү. Ал — бүгүнкү зергерлерге айрыкча мүнөздүү көрүнүш. Сомдоп согуп, андан көркөм буюм жаратуу — жаңыча узануунун бир оңтойлуу үлгүсү. Мында оболу кагазга үлгүсүн жасайт. Анан атайын жумшак топурактан алып, мунун тескери жагын гипске түшүрөт. Анын үстүнө берилүүчү түргө — калай, жез, коло өңдүүлөр коюлат да, аны жыгач балка менен акырын таптай чабат. Аны «рельефтик сомдоо» дейт.
      Сомдоп-согуунун экинчи түрүндө буюмдун көлөмдүк көрүнүшү бөлүк-бөлүктөрдөн турат да, ал кадимкидей каңдалат. Мындай ыкма аркылуу бүгүн коомдук жайлар, үй ичи кооздолууда. Ага ар кандай сүрөт түшүрүлөт, адрес папкалар да ушундан жасалат. Муну мындан ары дагы кенен-кесир өркүндөтүү үчүн атайын окуу жайларында адис кылып чыгаруучу бөлүмдөр жана туруктуу узануучу ңехтер бар. Албетте, бул кыргыздын элдик зергерчиликке анча коошо бербейт. Илгери айрым усталар чайнек, табак, чөөгүн жасашкан. Казак-кыргызда муну согуу-сомдоо болгону менен орусча «чеканка» дейт.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: