Меню
Эл-Сөздүк

Животные

ЖАНЫБАРЛАР – организмдердин, (укуктук көзкараштан алганда) адамдан башка, өсүмдүктөргө кирбеген түрлөрү. КР жарандык мыйзамдарына ылайык, Ж-га карата, мыйзамдарда башка жагдай каралбагандыктан, мүлк тууралуу жалпы эрежелер колдонулат. Ж. аркыл укуктук мамилелердин (жарандык, административдик, кылмыш-жаза, экологиялык) объекти катары чыгат. Укуктарды ишке ашырууда Ж-га боорукердик эрежелерине каршы келген ташбоор мамиле кылууга жол берилбейт. Биркатар өлкөлөрдө мындай мамиле үчүн административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчиликтери каралган. Ж. юридикалык жактан үй, айылчарба, жана жапайы жаныбарлар (табигый абалында) болуп бөлүнөт.

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: