Меню
Эл-Сөздүк

талкуу

1. мялка (для обминки кожи);
2. перен. обсужение, дискуссия;
талкууга сал-
1) класть (кожу) в мялку;
2) перен. ставить на обсуждение;
талкуу иретинде в порядке обсуждения, в дискуссионном порядке.

ТАЛКУУ

терини үйлөөчү кол дүкөнү. Жыгачтан жасалган кол аспап. Ага тери чылгый да, өңдөлгөн түрдө да ийленет. Ал «кол талкуу» деп да аталат. Муну чеберлер жумуру жыгачтын ортосун кенен оюп, кырларын быдырлуу ара тиш (азуулуу) түрүндө жасашат. Анын бир же бир жарым кулачтай ок жыгачынын баш жагы да азуулуу болот.
      Ийленүүчү терини бир адам талкууга бүктөп, улам оодарып берип турат. Экинчи. адам ок жыгачты өйдө-ылдый сүргүлөп ыйкайт. Чеберлер бир метрдей аштама жыгачтан да ачалуу талкуу жасап, жеке адам өзү эле ага терини коюп, тизелери менен кайышты алмак-салмак басып да ийлейт.
      Чеберлер тери былпылдабыраак болгон чакта талкууга коет. Катуу кургаган тери талкууга келбей сынып калат. Табы менен талкууга түшкөн чылгый терини эки күнчө басуу керек. Баш-аягы он күндө ийге кирген кайышты чеберлер тилет да, ат жабдыктарынын бөлүктөрүн өрө баштайт.

талкуу

талкуу (пикир алышуу)

талкуу

талкуу (курал)

талкуу

зат. 1. Тери ийлөөгө ылайыкталып жасалган курал.
2. өт. Кандайдыр бир иш, маселе боюнча көпчүлүктүн пикирин, ойлорун сунуштарын угуу, ишке баа берүү ж.б. максаттар үчүн өткөрүлгөн жыйналыш. Чогулушта кызуу талкуу башталды (Каимов). Отургандар Атабектин арызын талкууга ала башташты (Жантөшев).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоталкуу
Множ. числоталкуулар
Склонение по падежам - "талкуу"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?талкуу
Родительный Чей?талкуунун
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?талкууга
Винительный Кого?, Что?талкууну
Местный Где?, У кого?талкууда
Исходный Где?, У кого?талкуудан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?талкуулар
Родительный Чьи?талкуулардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?талкууларга
Винительный Кого?, Что?талкууларды
Местный Где?, У кого?талкууларда
Исходный Откуда?, От кого?талкуулардан

Примеры переводов: талкуу

Кыргызский Русский
талкуу; обсудить;
Чындыгында узакка созулган талкуу БУУнун Баш Ассамблеясында Жалпы декларация боюнча добуш берүү аз жерден болбой кала жаздады. На самом деле, длительные дебаты почти предотвращено Генеральную Ассамблею ООН от когда-либо голосование по Всеобщей декларации.
Дүйнө жүзүндө түрдүү диндеги жана улуттагы адамдардын ортосунда талкуу жүргүзүүгө шарт түзгөн, баалуу ишиңерди уланта беришиңерди суранам. Прошу продолжить важную работу, которую вы делаете в течение всего мира в стремлении создать возможности для диалога между людьми разных вероисповеданий и национальностей.

Примеры переводов: талкуу

Кыргызский Английский
талкуу; debate;
Чындыгында узакка созулган талкуу БУУнун Баш Ассамблеясында Жалпы декларация боюнча добуш берүү аз жерден болбой кала жаздады. In fact, the lengthy debates nearly prevented the U.N. General Assembly from ever voting on the Universal Declaration.
Дүйнө жүзүндө түрдүү диндеги жана улуттагы адамдардын ортосунда талкуу жүргүзүүгө шарт түзгөн, баалуу ишиңерди уланта беришиңерди суранам. I ask for continue the valuable work you are doing all throughout the world in striving to create opportunities for dialogue among people of different faiths and ethnicities.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: