Меню
Эл-Сөздүк

кодекс

кодекс;
кылмыш кодекси уголовный кодекс;
граждандык кодекс гражданский кодекс;
эмгек жөнүндөгү закондордун кодекси кодекс законов о труде.

Кодекс

КОДЕКС (лат. codex – мыйзамдар жыйнагы) – өзара дал келген жана бир багыттагы коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укук ченемдери бириктирилген жана тутумдаштырылган мыйзам актыларынын жыйындысы. К. мыйзам чыгаруучулардын кодификациялык ишмердиктеринин натыйжасы болуп саналат (кара:Кодификация). Жалпы эреже боюнча, К-ке белгилүү бир укук тармагы кирет (м.: жарандык, кылмыш-жаза, үйбүлө, эмгек ж. б.). Адатта, ал тийешелүү тармак боюнча укук негиздерин гана камтыйт. Калган укук ченемдери башка мыйзамдар менен мыйзамга негизделген актыларга кирет. Айрым К-тер ченемдерди, мыйзам тармактарын (Деңиз-соода К-и, Туракжай К-и. ж. б.) же укук тармакчалары (Салык К-и, Бюджет К-и.) бириктирет. «К.» түшүнүгү чет өлкөлөрдө белгилүү өзгөчөлүк менен айырмаланат. АКШда К. деген түшүнүк жөнеле жалпы укуктун айрым мыйзамдары менен ченемдеринин кошундусун билдирет. Ал эми Францияда болсо, акыркы кезде кадимки К. менен катар эле, укуктук жактан жөнгө салуунун айрым тармактары боюнча К. аттуу мыйзам актыларынын кошунду жыйнактарын басып чыгаруу иши жайылтыла баштады (эмгек жөнүндөгү, жол, айыл чарба, салык, бажы, деңиз порту жөнүндөгү К-тер). Бул К-ке мыйзамдык да, регламенттик да ченемдер кирет.

кодекс

зат. 1. юр. Коомдук турмуштун белгилүү бир жагы боюнча системалаштырылган закондордун жыйнагы. Эмгек жөнүндөгү закондордун кодекси. Кылмыш кодекси. Граждандык кодекс.
  1. 2.                  өт. Жүрүш-туруш, тартип-ж. б. эрежелеринин жалпы жыйындысы. Моралдык кодекс.
  2. 3.                  Түптөлүп, мукабаланып коюлган эски кол жазма.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокодекс
Множ. числокодекстер
Склонение по падежам - "кодекс"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кодекс
Родительный Чей?кодекстин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кодекске
Винительный Кого?, Что?кодексти
Местный Где?, У кого?кодексте
Исходный Где?, У кого?кодекстен
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?кодекстер
Родительный Чьи?кодекстердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кодекстерге
Винительный Кого?, Что?кодекстерди
Местный Где?, У кого?кодекстерде
Исходный Откуда?, От кого?кодекстерден

Примеры переводов: кодекс

Кыргызский Русский
Ирландияда ишке кабыл алууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жылдыруу кесиптик бирликтер менен кызматташуу менен Каржы министрлиги иштеп чыккан практикалык колдонмо жана процесстик кодекс менен колдоого алынат. Продвижение равных возможностей в области занятости в Ирландии поддерживается практическими принципами и процедурном коде, разработанных Министерством финансов в сотрудничестве с профсоюзами.

Примеры переводов: кодекс

Кыргызский Английский
Ирландияда ишке кабыл алууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жылдыруу кесиптик бирликтер менен кызматташуу менен Каржы министрлиги иштеп чыккан практикалык колдонмо жана процесстик кодекс менен колдоого алынат. Promoting the equal opportunities in employment in Ireland is supported by the practical guidelines and procedural code developed by the Ministry of Finance in cooperation with the trade unions.



Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: