Меню
Эл-Сөздүк

кадоо

1. прикол (для привязи животных);
кашка тиши кадоодой, кара тили бүлөөдөй фольк. (о коне) резцы у него, что колья, язык у него, что брус точильный;
кадоо баш пробойник (для пробивания дыр в металле);
2. ист. кол (как орудие казни);
кадоого мингиз- ист. посадить на кол;
3. заклёпка, скрепка;
эки жеринде кадоосу бар табак блюдо, скреплённое в двух местах;
4. перен. опора;
чегеси элең жеримдин, кадоосу элең калкымдын ты был мощью моей земли, ты был опорой моего народа;
кадоодой болгон жигит стройный и бодрый парень.

КАДОО

«Казан кадаган уста, Калк ишине жараган уста» (макал). 1. Бул — катуу буюм-тайымдарды, шаймандарды оңдоо, керекке жаратуу. Демек, кадоодо устанын бөтөнчөлүктөрү билинет. Сынган, бүлүнгөн, жарылган, тешилген, көзөлгөн нерсени же буюмду жиксиз кынаптап бириктирүү. Көбүнчө жыгач, темир, калай, жез буюмдарды септөөдө кадоо чеберчилиги колдонулат. Анын ар кандай ыкмасы бар. Оор, калың жана жоон нерселердин эки жагына бирдей шакшак сымал кадооч нерсе коюшат. Сыйда буюмдардын ички же сырткы кадоосу билинбегендей, жымсалыраак көрүнгөндөй бөрк менен бекитет. Мындай нерсенин кадоосу чыкпасы үчүн бөрктөөдөн мурун анын астына эбелек коюшат. Кээде кадоонун учун кичине гана кылтыйтып чыгарып, аны балка менен билинер-билинбес бөрктөп да коет. Буга оңтойлуу жумшак темир, жез, мис, калай көбүрөөк колдонулат.
      2. Эки жагына бөрктөлүп урулган мык. Ал жарыгын, же капталган катмарын эпкелиштирип кадаш, бекитиш үчүн колдонулат.

кадоо

I зат. Мамы, мал байлоо үчүн жерге кагылган, орнотулган жыгач.
КАДОО II зат. Сынган же эки бөлөк нерсени бириктирүү, беттештирүү, кыноо үчүн кыстыргыч, бөрктөп, чегелеп бекитилген мык. Кадоолорунда кызыл чаар көздөрү бар бычакты [чарыкчы] алып «хоп!» деп башын ийкеди (Сасыкбаев). Эки жеринде кадоосу бар табак. Боорунда кадоосу бар кара кесе («Ала-Тоо»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: