Меню
Эл-Сөздүк

жылдыз

1. в разн. знач. звезда;
Сары жылдыз (или Саржылдыз) Венера (звезда);
саржылдыздай маңдай светозарное чело (букв. подобное Венере);
куйруктуу жылдыз разг. то же, что комета;
жылдыз толгондо или жылдыз толо или жылдыз толуп поздно ночью; когда наступает ночь;
жылдыз оңдо- или жылдыз оңдот- предсказывать по звёздам; предпринимать что-либо, сообразуясь с расположением планет;
жылдызыңды оңдотуп, бүгүндөн калбай жөнөгүн фольк. сообразуясь с состоянием своей звезды, сегодня же отправляйся;
ушу бүгүн, абаке, жылдызым мага оң эле фольк. вот сегодня, дед, моя звезда удачлива;
баары-жогу он болду, жылдызына оң болду фольк. всего их стало десять, звезда их предвещала удачу;
аттанар бүгүн кез эмес - жылдызга каршы күн эле фольк. сегодня не время отправляться в путь - день, противопоказанный звездой;
Кызыл Жылдыз ордени орден Красной Звезды;
жылдызым! ласк. моя звёздочка!, моя путеводная звезда!;
2. перен. (о человеке) симпатичный, приятный;
жылдызы экен адамдын, ким жактырбайт мындайды? фольк. он приятнейший из людей, кому же такой не понравится?
жылдызы жанган жигит красивый парень;
аким болуп кыргызга, абырактуу бул Сейтек, арбагы кетти жылдызга фольк. когда стал правителем киргизов этот славный (богатырь) Сейтек, его авторитет стал ещё больше;
жылдызы артык (о человеке)
1) счастливый, удачливый;
2) миловидный;
жылдызы каршы они между собой во вражде;
жылдызы түштү или жылдызы өчтү он потерял свой авторитет; он в подавленном состоянии, очень опечален (букв. его звезда закатилась);
жылдыздары жерге түшүп, калың ойго киришти они опечалились и глубоко задумались;
жылдызын өчүрүп сильно опечалившись;
кыргызың азыр жылдызда фольк. киргизы теперь счастливы (букв. на звезде);
жылдыз-жылдыз дыра на дыре, в дырах, рваный (напр. об одежде);
жылдызы ысык то же, что жылдыздуу 2.

ЖЫЛДЫЗ

ЖЫЛДЫЗ — топоним, көп варианттарда кезигет. Кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөнүндө «Баштап кыпчак кыргызды, Басып өтүп Жылдызды» (Сагымбай Орозбаков, 2. 160), Үрбүнүн колу андан өткөнү айтылат. Географиялык реалия катары Ж. (Юлдус, йулдуз) Синьцзяндагы суу, ойдуң (Чоң жана Кичи Ж.) Чыгыш Тянь-Шань тоо түркүмүндө жайгашкан.

жылдыз

жылдыз
жылдыз гүл
жылдыз жааны
жылдыз кама (зоол.)
жылдыз курт
жылдыз төлгө
жылдыз тумшук (көр
чычкан)
жылдыз чөп
жылдызы жануу
жылдызы жарык
жылдызы жерге түшүү
жылдызы жоктук
жылдызы каршы
жылдызы өчүү

жылдыз

зат. 1. Түнкүсүн адамдын көзүнө жарык чекит сыяктанып көрүнгөн асман телосу. Жылдызын санап асмандын Жылкыда жүрүп какшандым (Бөкөнбаев). Жылдыздар жымың-жымың этишет.
  1. 2.                  Үч бурчтук түрүндө болгон учтуу жактары бар геометриялык фигура; ушундай формадан турган значок; ордендин же башка сыйлыктын ушундай формадагы белгиси. Төлдөтүп ашык чарбасын, Төшүнө жылдыз тагынган (Осмонкул).
  2. 3.                  өт. Көрктүүлүк, жагымдуулук, жаркылдаган жайдары көрүнүш. Жылдызы жанган жигит. Адамдын жылдызы эле го!

¨ Жылдызы ысык — мээримдүү, жагымдуу, сүйкүмдүү. Өзүмө кошо төрөлгөн, Жылдызы ысык көрүнгөн, Өткөрө тулпар Торучаа, Ошондо окко алдырдым («Манас»). Жылдызы жерге түшүү — сынуу, көңүлү чөгүү, капа болуу. Капсалаңдын жылдызы жерге түшүп, үшкүрүгү таш жарды (Бейшеналиев). Жылдызы каршы болуу — жаман көрүү, жактырбоо, каршы болуу.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санжылдыз
Көптүк санжылдыздар
Синонимдери
үркөр
Байланыштуу сөздөр
асман
жетиген
чолпон
ырчы
Жөндөлүшү - "жылдыз"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?жылдыз
Илик Кимдин? Эмненин?жылдыздын
Барыш Кимге? Эмнеге?жылдызга
Табыш Кимди? Эмнени?жылдызды
Жатыш Кимде? Эмнеде?жылдызда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?жылдыздан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?жылдыздар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?жылдыздардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?жылдыздарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?жылдыздарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?жылдыздарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?жылдыздардан

Котормолордун мисалдары: жылдыз

Кыргызча Орусча
жылдыз звезда
эки жылдыз (ОК) две звезды (OK)
бир жылдыз (кайра ойнобойт) Одна звезда (не играть снова)
Дрю Берримор 1982-жылы чыккан Стивен Спилбергдин «Ж.Э.: Жердик эмес» аттуу блокбастеринде Герти аттуу кичинекей кыздын ролун ойноо менен, сегиз жашында дүйнөлүк жылдыз болуп таанылган. В возрасте восьми лет, Дрю Бэрримор стала мировой звездой за роль маленькой девочки, Герти, в Стивена Спилберга 1982 блокбастера ET: The Extra-Terrestrial.

Котормолордун мисалдары: жылдыз

Кыргызча Англисче
жылдыз star
эки жылдыз (ОК) two Stars (OK)
бир жылдыз (кайра ойнобойт) one Star (don't play again)
Дрю Берримор 1982-жылы чыккан Стивен Спилбергдин «Ж.Э.: Жердик эмес» аттуу блокбастеринде Герти аттуу кичинекей кыздын ролун ойноо менен, сегиз жашында дүйнөлүк жылдыз болуп таанылган. At age eight, Drew Barrymore became a world star for her role as the little girl, Gertie, in Stephen Spielberg’s 1982 blockbuster E.T.: The Extra-Terrestrial.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: