Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

АНТИПАТИЯ

– кимдир бирөөнү (же бир нерсени) жактырбоо, ага кастык кылуу, кээде аны жактырбай жаман көрүү менен мүнөздөлүүчү адамдын эмоциялык мамилеси. А. адамдын тышкы турпатынын айрым белгилеринен, анын үнүнөн, манерасынан, адамдар менен байланышуусунун формасынан, айрым аракеттеринен, мүнөзүнүн белгилеринен ж. б. келип чыгышы мүмкүн. Симпатия сыяктуу эле А. түшүнбөстүктөн же түшүнүп билгендиктен да келип чыгышы ыктымал. Түшүнбөстүктөн болуучу А. адатта балдарда алардын турмуштук тажрыйбасынын жетишсиздигинен, адамдардын кылган иштерин, кылык-жоруктарын жеткиликтүү талдап биле албагандыгынан келип чыгат. Адамга же адамдардын тобуна карата түшүнүп баамдоодон жаралуучу А. көз караштардын, кызыкчылыктардын, кооздук сезимдердин кескин түрдөгү айырмалуулугунан, жалпысынан алганда бири-бирине кас социалдык же саясий группировкаларга таандык болгондуктан, турмушка ар түрдүү көз карашта мамиле кылуучулуктан келип чыгат. Кээде А. көрө албастык сезимине айланып кетиши ыктымал. Ошондуктан тарбиячылар балдарды өздөрүнүн тигил же бул эмоциялык абалынын себептерин сезе билүүгө, башка адамдар менен мамилени алардын эң негизги адамдык баркын жана кемчиликтерин туура баалоонун негизинде түзүүгө үйрөтүү зарыл.



Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: