Меню
Эл-Сөздүк

АЛГЕБРА

– арабдын «ал-жебр» деген сөзүнөн келип чыккан, ал математика илиминин негизги тармактарынын бири. А. бирдей типтеги арифметикалык маселелерди чыгаруунун жалпы методдорун изилдөөдөн жана коомдук практиканын муктаждыктарынан пайда болгон. А-да рационалдуу, иррационалдуу, комплекстүү сандардын системасынын касиеттери изилденет. А-да маселенин шарттары белгисиз чоңдуктар аркылуу туюнтулуп, алар менен жүргүзүлгөн амалдардын негизинде теңдеме түзүлөт да, андан белгисиздин өзү аныкталат. А-нын өсүшүнө чыгыштын орто кылымдагы математиктеринин арабча жазылган эмгектери чоң таасир тийгизген. Өзбек математиги Мухаммед-ал-Хорезминин (IX–
к.) «Алжебр ал-Мукобала» деген китебинде А-лык чоңдуктар менен иштөө эрежеси жана теңдемелерди чыгаруунун теориясы иштелип чыккан. Ал-Хорезминин убагынан бери А. математиканын өзүнчө тармагы катарында окулат. Квадраттык теңдемелерди чыгарууга керектүү формулалардын табылышы жогорку даражалуу теңдемелер үчүн, о. эле формулаларды издөөгө түрткү болгон. 3– жана 4–даражадагы теңдемелердин чыгарылышына керектүү формулалар XVI к. табылган. Беш жана андан жогорку даражалуу теңдемелер үчүн мындай формулалардын жок экендиги XIX к. башында аныкталган. Азыркы кезде теңдемелерди изилдөө А-нын негизги маселеси эмес. Азыркы А. касиеттери А-лык операцияларда аткарылуучу жаратылыштагы объекттердин системалары ж-дөгү илим болуп эсептелет. А-лык операциялар: матрицаларды, функцияларды кошуу жана көбөйтүү, мейкиндиктик өзгөртүүлөр менен болгон амалдар, векторлор менен болгон амалдар ж. б. Илимдин өнүгүшүндө группа, талаа, алкак, структура, сызыктуу А., топологиялык А., гомологиялык А., категория ж. у. с. А-лык системалар пайда болгон. Бул системалар топологияда, функциялык анализде, сан теориясында, эсептөө математикасында, теориялык механикада жана физикада колдонулат.

алгебра

зат. Математикада сан маанисине карабастан, (ариптер менен белгиленген) чоңдуктардын касиеттерин үйрөнүүчү бөлүмү.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоалгебра
Множ. числоалгебралар
Склонение по падежам - "алгебра"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?алгебра
Родительный Чей?алгебранын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?алгебрага
Винительный Кого?, Что?алгебраны
Местный Где?, У кого?алгебрада
Исходный Где?, У кого?алгебрадан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?алгебралар
Родительный Чьи?алгебралардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?алгебраларга
Винительный Кого?, Что?алгебраларды
Местный Где?, У кого?алгебраларда
Исходный Откуда?, От кого?алгебралардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: