Меню
Эл-Сөздүк

акын

ир.
(по диалектам встречается ещё в форме акун и ахун)
1. акын (певец-импровизатор);
эп келтирип ырдаса, ырдын көркү акында стих. красота песни в певце, когда он складно поёт;
анык чечен акындар жазгы жааган жамгырдай стих. настоящие мастера слова (см. чечен I) акыны подобны весеннему дождю (у них стих льётся непрерывно);
эл акыны народный акын (официально присваемое звание);
2. поэт (общий термин);
акын Пушкин поэт Пушкин;
3. (до реводюции) акын, поэт-письменник (они были, явлением редким);
этек-жеңи жайылган эли журтум сарбагыш, ушунчалык көп журттан акын чыккан мен жалгыз стих. с распущенными полами и рукавами (см. жайыл- III) моё племя сарбагыш, из такого многочисленного народа акыном стал я один;
4. только акун ист. (в пограничной с Синьцзяном полосе Тянь-Шаньской области) человек, получивший образование в Кашгаре;
5. только акун иногда прибавляется, как у уйгуров, к именам личным мужским вместо бай;
6. только акун перен. уйгур.

АКЫН

АКЫН — кыргыз, казак элдеринде көргөндөрүн жана коомдук турмуштан баамдап байкагандарын эч даярдыксыз ыр менен шыдыр баяндоого жөндөмдүү таланттуу адам, көркөм сөз өнөрүнүн өкүлү, «Ырчы» деген сөзгө маанилеш. «Акын» термининин теги жөнүндө филология илиминде эки көз караш бар. Б. В. Радлов, В. Бартольд, А. Маргулан, И. А. Батманов өңдүү илимпоздордун болжолунда А. «ак» (течь, струя) деген сөздөн жасалган. К. К. Юдахиндин пикири боюнча окумал, акылман, билимдүү, урматтуу адамды туюнтуучу уйгурча «ахунд» деген сөздүн кыргыз тилине кирип, адегенде чыгарган ырын жаза билген бирин-экин сабаттуу ырчыларга карата айтылып, кийинчерээк гана төкмө ырчылар да А. атала баштаган. Өткөн кылымдын орто ченинде В. Радлов кыргыз жергесине келгенинде ошол кездеги көп эл катышкан жыйындарда өз оюн ыргактуу баяндоого жөндөмдүү, өнөргө маш, таланттуу адамдар ырдап чыгарын айтып, аларды эл ардактуу наам менен «акын» (ырчы) деп атап, алардын көбү атак-даңкка, урматка ээ экенин белгилейт. «Манас» эпосунда да «акын» жана «ырчы» деген терминдер бир эле мааниде колдонулат, мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында:
Ажы бий болду атагы,
(Ажыбай деп атаган
Акындар билбес чатагы) (Сагымбай Орозбаков, 2. 283).
Жайсаң ырчы дегени
Жалаң үйдүн борумун
Жарым күнү ырдаган (Сагымбай Орозбаков, 2. 11).

Акындык өнөр элдин рухий байлыгынын бир салаасы болуп, кылымдарды карытып, улам өнүгүп олтурган. А-дардын ырлары бизге белгисиз бойдон калганы менен «Манас» эпосунун бизге жетиши — акындык өнөрдүн өнүккөндүгүнүн белгиси. Кыргыз акындарынын чыгармачылыгына карай легендарлык акындар, төкмө акындар, жазгыч акындар, жомокчу-манасчылар деп бөлүп карашат. А-дардын ичинен эң таланттуулары манасчы-акындар болуп саналат. Манасчылар «Манас» айткандан башка ар кандай тематикадагы ырлар да чыгарышкан, эл алдында төгүп ырдай да билишкен. Ал эми А-дын баары эле «Манас» айта алышпайт (к. Манасчы). Көптөгөн ырчы-акындардын чыгармалары бизге жетпей, айрымдарынын аттары да унут болгон. Кээ бирлери жөнүндө уламыш мүнөзүндөгү бирин-экин гана маалыматтар сакталган. Мисалы, Жайсаң ырчы, Кет бука, Токтогул ырчы, Асан кайгы. Кыргыз А-дарынын чыгармачылыгы көп жактуу болгон. Мисалы, Токтогул айтыш, нуска ырлары менен бирге кенже эпосторду да айткан. Ал эми Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу «Манасты» бүтүндөй айткан улуу манасчылар болуу менен бирге, нуска ырларды, тамсилдерди, поэмаларды да жараткан. Ошентип, ар бир А-дын жеке чыгармачылык өзгөчөлүгү болуп, бири лирикага ыктаса, экинчиси эпосторду аткарууга, башкасы насыят, нуска ыр чыгарса, дагы бири айтышка маш болгон. Адардын чыгармалары, кыргыз элинин тарыхы менен адабиятын үйрөнүү үчүн гана эмес, аларды философиялык, коомдук-саясий ой-пикирлерин изилдөө үчүн да зор мааниге ээ. Бири-биринин А-дык дараметин сындоодо жаш таланттарды өстүрүүдө А-дардын, манасчылардын айтыштарынын мааннси зор болгон (к. Айтыш). Элдик оозеки чыгармаларды сактап, өнүктүрүп, аларды мурас катары кийинки муунга жеткирүүдө жазгыч А-дардын салымы чоң, кыргыз адабиятынын тарыхында жазгыч акындардын туңгуч өкүлү катары Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Алдаш, Ысак, Абылкасым, Токторалы, Шамей, Абдыкалык жана башкалардын ысымдары белгилүү. Жазгыч А-дар ыр жаратууда элдин оозеки чыгармачылыгына жана аны сактап, өнүктүрүп келе жаткан төкмө А-дардын ырчылык салтына таянышат. Чыгарма жаратуу менен гана чектелбестен А-дар элдин көркөм сөз казнасын жыйнап, кагазга түшүрүшкөн. Буга Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын кол жазмалар фондусунда сакталып турган эпостун араб арибиндеги кол жазмалары далил (к. «Кысса Семетей бу-турур»), Азыр А. термининин мааниси кеңейип, ыр жазган, ыр жазууну кесип кылган адамдар да А. аталып калды.
Ы. Кадыров

АКЫН

АКЫН Шадыкан уулу (1901, Өзгөн району, Ана-Кызыл айылы —?)— манасчы. А. «Манас» айтканды атасынан үйрөнгөн. Атасы Шадыкан сыяктуу эле ал «Манастын» төрт бөлүмүн («Манас», «Семетей», «Сейтек», «Чийтек») айткан. 1952-ж. анын вариантынын «Манас» бөлүмүнөн Манастын туулушу жана балалык чагы, Манастын кан (башчы) болуп урушка жарап, Кошойго жана Канкожого жолукканы, Манастын мусулмандарга келген калмактарды кууп, эл коргоп кыргыздарды топтогону, Чоң казаттын башталуу себептери, Манастын өлүмү эпизоддорунун кыскача мазмуну жазып алынган.

акын

акын (акун эмес), акынга
акындар поэзиясы

Акын

Акын – кыргыз, казак элдеринде көргөндөрүн жана коомдук турмуштан баамдап байкагандарын эч даярдыксыз ыр менен шыдыр баяндоого жөндөмдүү таланттуу адам, көркөм сөз өнөрүнүн өкүлү, «Ырчы» деген сөзгө маанилеш. «Акын» термининин теги жөнүндө филология илиминде эки көз караш бар. В.В.Радлов, В.Бартольд, А.Маргулан, И.А.Батманов өңдүү илимпоздордун болжолунда А. «ак» (течь, струя) деген сөздөн жасалган. К.К.Юдахиндин пикири боюнча окумал, акылман, билимдүү, урматтуу адамды туюнтуучу уйгурча «ахунд» деген сөздүн кыргыз тилине кирип, адегенде чыгарган ырын жаза билген бирин-экин сабаттуу ырчыларга карата айтылып, кийинчерээк гана төкмө ырчылар да А. атала баштаган. Өткөн кылымдын орто ченинде В.Радлов кыргыз жергесине келгенинде ошол кездеги көп эл катышкан жыйындарда өз оюн ыргактуу баяндоого жөндөмдүү, өнөргө маш, таланттуу адамдар ырдап чыгарын айтып, аларды эл ардактуу наам менен «акын» (ырчы) деп атап, алардын көбү атак-даңкка, урматка ээ экенин белгилейт (Манас энциклопедиясы, 1-т. 71-б.).

акын

зат. Ыр чыгаруучу; ыр түрүндөгү көркөм чыгармалардын автору; ыр чыгарып ырдоочу ырчы. Калк акыны Токомду Караңгы тамга каматкан (Барпы). Эп келтирип ырдаса, Ырдын көркү акында («Мендирман»). Аалы Токомбаевкыргыздын эл акыны.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоакын
Множ. числоакындар
Связанные слова
төкмө
Склонение по падежам - "акын"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?акын
Родительный Чей?акындын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?акынга
Винительный Кого?, Что?акынды
Местный Где?, У кого?акында
Исходный Где?, У кого?акындан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?акындар
Родительный Чьи?акындардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?акындарга
Винительный Кого?, Что?акындарды
Местный Где?, У кого?акындарда
Исходный Откуда?, От кого?акындардан

Примеры переводов: акын

Кыргызский Русский
«Биз баарыбыз ар түрдүүлүк кездемени көркүнө чыгарарын билишибиз керек», - дейт атактуу африкалык-америкалык акын Майа Анжелоу. "Мы все должны знать, что многообразие можно сравнить с богатым гобелен", говорит известный афро-американский поэт Майя Анжелу,

Примеры переводов: акын

Кыргызский Английский
«Биз баарыбыз ар түрдүүлүк кездемени көркүнө чыгарарын билишибиз керек», - дейт атактуу африкалык-америкалык акын Майа Анжелоу. “We all should know that diversity makes for a rich tapestry,” says the noted African-American poet Maya Angelou,

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: