Меню
Эл-Сөздүк

айтыш

айтыш I
и. д. от айт- III
1. сказывание;
газетанын айтышына караганда по сообщениям газеты;
айтышыңарга түшүнө албайм я не могу понять, что вы говорите;
2. пререкания, препирательства;
кээде тамаша какшык-кекээрге айланып, айтыш-тартыш башталат иногда шутки переходят в издёвку и попрёки, и начинается ссора;
3. поэтическое состязание акынов в импровизации или народных мудрецов (см. чечен I) в словопрении;
айтыштан чыккан чечен көп, адырынан тегиз көп фольк. (там) много мудрецов, победивших в словопрениях, (там) равнин больше, чем холмов.
айтыш- II
взаимн. от айт- III
1. совместно, вместе говорить;
ал катта эне-ата элдеги кыштактардын өзгөргөнүн айтышыптыр в том письме родители рассказывали об изменении кишлаков;
2. препираться, пререкаться; ссориться, спорить;
3. состязаться в импровизации (об акынах), вступать в словопрения (о народных мудрецах; см. абтыш I 3).

АЙТЫШ

АЙТЫШ — кыргыз элдик оозеки чыгармачылыктагы жанр. А. ырчылар, чечендер, айтуучулар (манасчылар, семетейчилер) арасында чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн жүргүзүлгөн. Манасчылардын А-ы чоң төкмөлүк өнөрдү талап кылат жана өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Мелдештин шарты боюнча «Манас» айтууну бирөө баштап, ал токтогон жерден экинчиси, үчүнчүсү улап кеткен. Кээде белгилүү бир окуяны же үзүндүнү кимиси ары кызык, ары узак жана көркөм аткарганына карап баалашкан. Сөз кудуретин жогору баалаган угуучулардын сынынан айтуучунун аткаруучулук манерасы да куру калбаган. Изилдөөчүлөр А. боюнча элге атагы кеңири тараган манасчылар катары Балык, Найманбай, Назардын ысымдарын аташат. 1917-ж. кыш маалында Какшаалда (азыр КЭРде) жүргөн Сагымбай менен какшаалдык манасчы Жусубакунду «Манас» айттырышат. Сагымбай жети кан колу менен келип, Манастын колу Бээжинге аттангандагы эпизоддон баштап, күнү-түнү тынбай айтат. Анан Сагымбайды токтотуп, Жусубакунга ошол жерден ары айттырышат. Ал да күнү-түнү тынбай улантат. Андан кийин экөөнү айткандарын алмаштырып, кайрадан айттырышып сындашат. Эки манасчыга төрт күнү-түнү «Манас» айттырышып, экөөнө тең жакшы баа беришип, ат тартып, тон кийгизишет (Макелек Өмүрбай, «Жусуп Мамай». «“Кыргызстан Маданияты”», 1988, № 41). Кезегинде Назар манасчы менен А-ынан кийин Тыныбектин даңкы чыга баштаган.
С. Төлөгөнова

айтыш

1. aytış, tartış, münakaşa et;
2. birbirine fikrini bildir;
3. ozanların kopuzla ya da sadece sözle birbirlerine karşı gelebilmek için sözler söylemeleri.

айтыш

I зат.1. Пикир талашып белгилүү бир теманын айланасында болуучу, сөз жүзүндөгү талаш-тартыш; диспут; дискуссия.
2. Ырчылардын бири-бири менен ырдашып сөз жарыштырышы, көпчүлүк алдында алым сабак айтып, бирин-бири сынап ырдашкан ыры; сөз жарышы. Айтыш жарты сааттай созулду (Элебаев).
АЙТЫШ II этиш. 1. Бири-бирине ой-пикирин билдирүү; өз ара бири-бирине сүйлөп берүү. Айтышып өткөн-кеткен иштин жайын (Токобаев).
2. Сөз кайтарышуу, каяша сөз айтуу, биринин пикирине толук макул болбогон сыяктуу өз пикирин, өз жообун айтуу; кер-мур сүйлөшүп калуу. Анчалык сөздү узартпай, Айтышпай, Бермет, кел мында! («Саринжи — Бөкөй»). Жигит да кабагын түйүп, албууттанып айтыша кетти (Сасыкбаев). Айтышып калган жериңден, Акылың болсо качпагын (Токтогул).
3. Ырчылар бири-бири менен алым сабак иретинде ырдашуу, сөз жарыштыруу. Жыйырма беш жылдык чоң тойдо Айтыштык эле акындар (Осмонкул).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоайтыш
Множ. числоайтыштар
Склонение по падежам - "айтыш"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?айтыш
Родительный Чей?айтыштын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?айтышка
Винительный Кого?, Что?айтышты
Местный Где?, У кого?айтышта
Исходный Где?, У кого?айтыштан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?айтыштар
Родительный Чьи?айтыштардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?айтыштарга
Винительный Кого?, Что?айтыштарды
Местный Где?, У кого?айтыштарда
Исходный Откуда?, От кого?айтыштардан

Примеры переводов: айтыш

Кыргызский Русский
айтыш перебранка
Бирок бул этностук топторду да бир түрдүү деп айтыш кыйын. Тем не менее, даже эти этнические общины не монолитны.
Көпчүлүк редакторлор мактоону элдин көзүнчө, ал эми сынды адамдын жеке өзүнө айтыш керек деп эсептешет. И большинство редакторов верим в некоторый положительный результат воздействия на публике, но сохраняющий все критические замечания частная.

Примеры переводов: айтыш

Кыргызский Английский
айтыш altercation
Бирок бул этностук топторду да бир түрдүү деп айтыш кыйын. Yet even these ethnic communities are hardly monolithic.
Көпчүлүк редакторлор мактоону элдин көзүнчө, ал эми сынды адамдын жеке өзүнө айтыш керек деп эсептешет. And most editors believe in providing some positive feedback in public but keeping all critical comments private.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: