Меню
Эл-Сөздүк

айдаркан

~: айдаркан өгүз сев. большой и хороший бык.

АЙДАРКАН

АЙДАРКАН — каарман, казак каны Көкчөнүн атасы. А-дын башкаруучулук, баатырдык иш-аракети Сагымбай Орозбаковдун вариантында башка варианттарга салыштырганда кенен чагылдырылган. Эпостун алгачкы окуяларында ал жекеме-жеке сайышка түшкөн баатыр гана эмес, кеп-кеңеш берген карылардын катарында да сүрөттөлөт. Манастын төрөлүшүндөгү тойдо кытайдын Күнөс балбаны менен беттешүүсүнүн (Сагымбай Орозбаков, 1. 86, 98) тыянагы белгисиз калган, ал эми Нескара менен болгон урушта Даң-Даңды жеңет. Бирок, андан кийин жекеге чыккан баатыр Күдөңгө каршы баралбай качып берет (Сагымбай Орозбаков, 1. 204). Ал эми карылар кеңешинде ал тайманбас баатыр, кайраттуу акылман абышканын кебин салат:
Кан Жакып баштап карыңар
Кайратты таштап салдыңар
Качууну сүйүп калдыңар...
Туулмак бар, өлмөк бар,
Жакшылык менен жамандык
Туш-тушунда көрмөк бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 17—18).

Текес кан менен болгон согушта кол башчы (кан) да болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 39). Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Кошойдун Билерик менен Жарманасты бошотуу үчүн Бээжинге жасаган жортуулуна катышып, кайра келаткан жолдо Манас менен Кутубийге жардамга келишип, кытайлар менен согушка да катышканы айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 147, 150, 159, 161).
И. Абдувалиев

айдаркан

айдаркан (чоң): айдаркан өгүз

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: