айбандык зат. 1. Айбанга тиешелүү касиет, сапат. Айбандыгың болбосо, Акылың артык бир малсың! («Эр Табылды»). 2.өт. Адамгерчиликке сыйбагандык, адамгерчилиги жоктук, жырткычтык. Көрдүңөрбү, агалар, Айбандык кылык билинди («Эр Төштүк»).