Меню
Эл-Сөздүк

КАПИЯ

КАПИЯ — эпизоддук кейипкер. Каныкейге күйөөлөп барган Манас ордодо үстүнө киши кирбей эки күн ачка калып, каарданып отурганда кырк-элүү аял жанына жолдош кошуп берип, К-ны баатыр күйөөнү көрүп келүүгө жиберишет. Манастын ыраңын көрө сала эси ооп, эшиктин алдына жыгылып калган К-ны жөлөп-таяп Санирабигага алпарышса, эр көрбөгөн экенсиңер деп күлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 405, 407). Кайнына келген күйөөнү көрүү салты ошондон калган экен делет эпосто.

капия

сын.Кысталыш, кыйынчылык, капилет. Капияда сөз тапкан, Караңгы түндө көз тапкан.. Учма билген кары бар («Сейтек»).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: