КАНЫМЖАН — эпизоддук кейипкер, Меңдибайдын энеси. Жакып мал четинде жүрүп, баласы жогуна кайгырып, айлына келгенде минген аты Туучунакты байлабай бош коё берип, үйүнө кирип кетет. Бош калган ат талаага качып жөнөгөндө Меңдибай кармап келмек болуп артынан кууп барып, токойдон Манас баш болгон кырк чоронун руханине жолугуп, алар менен ойноп кечиккенде К. баламды таап бер деп Жакыпка доо коёт. Чыйырдыны төрөтүүгө катышып, Канышбек экөө үйүнө келаткан Жакыпты утурлап чыгып, сүйүнчүлөшөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 51, 56, 77, 88).