-
АККЕЛТЕ
-
АККЕЛТЕ — Манастын мылтыгы. Манас баатырдын А-ге ээ болушу ар кайсы варианттарда ар түрдүүчө берилген: «Алачтан келген Аккелте» (Радлов жазып алган вариант), «Айкожо берген Аккелте» (Сагымбай Орозбаковдун варианты), «Бакай энчилеп берген Аккелте» (Саякбай Каралаевдин варианты). Манастын негизги куралдарынын бири катары А-де да магиялык касиеттер бар. Алсак, А-нин согуш болоор алдында керегеде илинип турган жеринде өзүнөн өзү атылып, оозунан кан таамп калышы. Алмамбет Кытайдан качып келе жатканда А-нин өзүнөн өзү атылышы, же Манас өлгөндөн кийин Абыкенин колунда он эки жыл атылбай калышы жана башкалар Эпиканын салты боюнча баатырлардын жоо куралдарынын баары өзгөчө сапаттарга ээ катары сыпатталат.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | аккелте |
Көптүк сан | аккелтелер |
Жөндөлүшү - "аккелте"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | аккелте |
Илик Кимдин? Эмненин? | аккелтенин |
Барыш Кимге? Эмнеге? | аккелтеге |
Табыш Кимди? Эмнени? | аккелтени |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | аккелтеде |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | аккелтеден |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | аккелтелер |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | аккелтелердин |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | аккелтелерге |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | аккелтелерди |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | аккелтелерде |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | аккелтелерден |
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Аккелте