-
ЧАЧПАК
-
«Күмүштөн чачпак сооруңда, Күлгөнүң турат оюмда» (Боогачы). Бул — зер буюму. Кыз-келиндердин (кээде улгайган аялдардын да) аземдик үчүн тагынган кооз жасалгасы, чолпунун бир түрү. Ал үч бөлүктөн турат: башы (чач байлана турган жагы), ортосу (кооздуктар тагылган тарабы) жана учу (чачы). Азем көркөмдүктөр кадалган жагы. Чачпактын жасалышы боюнча ар бир элдин жекече маданий өзгөчөлүктөрү байкалып турат.
-
чачпак
-
зат. Келиндер чачка тагуу үчүн чачылуу кара жибектен жасалган же күмүштөн ар түрдүү формада кооздотулуп жасалган жасалга. [Уулжан].. ордунан турганда соорусун жаба берген күмүш чачпагы шарк-шарк этет.. (Каимов). Чачпагың учу шырп этет, жеңе (Осмонов).
♦Чачпагын көгөрүп келүү — бирөөнүн шылтоосу менен экинчи бирөө ээрчий келүү.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | чачпак |
Көптүк сан | чачпактар |
Жөндөлүшү - "чачпак"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | чачпак |
Илик Кимдин? Эмненин? | чачпактын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | чачпакка |
Табыш Кимди? Эмнени? | чачпакты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | чачпакта |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | чачпактан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | чачпактар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | чачпактардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | чачпактарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | чачпактарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | чачпактарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | чачпактардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ЧАЧПАК