Меню
Эл-Сөздүк

рабство

ср.
кулдук, кулчулук;
быть в рабстве у кого-л. бирөөдө кулдукта болуу, бирөөгө кул болуу;
томиться в рабстве кулдукта эзилүү;
освободиться от рабства кулдуктан бошонуу.

Рабство

КУЛЧУЛУК – 1926-жылдын 25-сентябрында Женевада кол коюлган Кулчулук жөнүндөгү конвенцияга ылайык, «ага карата менчик укугуна таандык кээбир же баардык ыйгарым укуктар колдонулган адамдардын акыбалы же абалы». К. ХIХ кылымдын акырына чейин (АКШ-да 1863-жылы жоюлган, Испанияда – 1886-жылы, Эфиопияда – 1930-жылы, Сауд Аравиясында – 1950-жылы) кеңири тараган адамды бекер пайдалануунун эң байыркы тариздеринин бири болуп саналат. Аны жоюу көп тараптуу мамлекеттер аралык кызматташтыкты талап кыла турган көрүнүш деп таанылган. 1956-жылы 43 мамлекеттин өкүлүнөн турган Женева конференциясы К., кулсоода, К-ка жакын институттар менен салттарды жоюу тууралуу Кошумча конвенцияны жактырган. Ушу тапта дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнүн мыйзамдары тарабынан ага тыюу салынган.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: