Меню
Эл-Сөздүк

работорговля

ж.
кул соодасы, кул сатуу.

Работорговля

КУЛСООДА (КУЛБАЗАР) – кайсы бир жеке адамды кармап алган, сатып алган же кулга айлантуу максатында ээлик кылган адамдардын иш-аракети; сатуу же алмашуу максатында кул сатып алууга байланышкан баардык иш-аракеттер; пайда табуу максатында кул сатууга жана алмашууга байланышкан баардык иш-аракеттер, дегеле кул соодасы же кандай гана унаа каражаттары болбосун, кул ташып жеткирүү боюнча баардык иш-аракеттер. К. аны менен күрөшүү зарылчылыгы биркатар эларалык келишимдер аркылуу таанылган кылмыш болуп саналат. Бул маселеге Кулчулук жөнүндөгү 1926-жылдагы конвенциянын 2–3-статьялары, Кулчулукту, кулсооданы, кулчулукка жакын институттар менен салттарды жоюу тууралуу Кошумча 1956-жылдагы конвенциянын 3–4-статьялары арналган. Кошумча конвенциянын катышуучулары К. боюнча күнөөлүү жактарды кылмыш-жаза жообуна тартууга милдеттенишет. КР бул конвенцияга 1996-жылдын июль айында кошулган.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: