Меню
Эл-Сөздүк

Птицы

(зоол.) куштар; омурткалуу, жылуу кандуу, мейкиндикке канатынын жардамы менен учуп жүрүүчү айбандар. Булардын кыйла экологиялык түрлөрү белгилүү: п. беседковые (экол.) — алачыктуу куштар, капастуу куштар, үйүрлөшөөр мезгилинде "алачык", "капас" жасап алуучу куштар; п. бескилевые (зоол.) — жалпак төштүү куштар, төш сөөгүнүн кыры жок куштар, булар жакшы уча алышпайт; п. веслоногие (зоол.) — калакпут куштар, сууда сүзүп жүрүп жашоочу куштар; п. выводковые (зоол.) — жөжөлүү куштар, балапандарын жумурткадан чыгаары менен ээрчитип өз бетинче жем жегенге үйрөтүүчү куштар; п. моногамные (экол.) — моногамиялык куштар, эркек-ургаачы болуп бөлүнүп жашоочу куштар, келгин куштардын көпчүлүгү ушундай; п. плоскогрудые — к. п. бескилевые; п. полигамные (экол.) — полигамдуу куштар, үй-бүлө күтпөгөн же бир эркегине бир нече ургаачысы үйүр болгон куштар; п. пролетные (экол.) — өткүн куштар, жазынңда, күзүндө белгилүү бир территориянын үстүнөн учуп өтүүчү келгин куштар; п. птенцовые (экол.) — балапандуу куштар, балапандары чоңойгончо уяда жем берип багуучу куштар.

Птицы

(Aves) куштар; мүйүз тумшуктуу, канаттарынын жардамы менен учуп конуучу, жылуу кандуу айбандардын бир классы.
Перевести через онлайн Переводчик

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: