Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Эстоппель

ЭСТОППЕЛЬ (англ. estopel – каршы болуу укугунан ажыратуу) – эгер ал катышуучуга кандайдыр бир фактынын бар экендиги белгилүү болуп калгандан кийин, келишимдин мурдагыдай күчүндө экендигине анык же унчукпастан эле макул болуп калса, эларалык келишим катышуучусунун келишимди жокко чыгаруучу негиздин табылгандыгына (м.: ал келишимди түзүүдө мамлекет өкүлүн сатып алуу, алдоо, жаңылыштыруу ж. б.) шилтеме жасоо укугунун жоюлушу. Бирок, андай жагдайлар кайрадан чыгып кала турган болсо, 1969-жылкы Эларалык келишимдердин укугу жөнүндөгү Вена конвенциясы менен 1986-жылкы мамлекеттер менен эларалык уюмдардын ортосундагы келишимдердин укугу жөнүндөгү Вена конвенциясы тарабынан бекитилген бул жолжобо шарттары баардык катышуучулардын көрсөтүлгөн жагдайларга шилтеме жасоо укугун жокко чыгарбайт.
Перевести через онлайн Переводчик



Такое же слова на других языках:

KG


Похожие слова на других языках:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: