Меню
Эл-Сөздүк

Агрессия прямая

тике баскынчылык

агрессия прямая

тике баскынчылык

Агрессия прямая

Тикелей баскынчылык

Агрессия прямая

ТИКЕЛЕЙ БАСКЫНЧЫЛЫК – эларалык укук боюнча, мамлекеттик туруктуу аскер күчтөрү тарабынан жасалган баскынчылык. 1974-жылдын 14-декабрында БУУ тарабынан кабыл алынган «Баскынчылык аныктамасынын» 3-статьясына ылайык, согуш жарыялагандыгына карабастан, төмөндөгүдөй учурлар баскынчылык жосун катары каралат: а) мамлекеттик аскер күчтөрүнүн башка өлкөнүн аймагына басып кирүүсү, же колсалуусу, жана да андан келип чыккан баардык аскердик басып алуулар (убактылуу болсо дагы), аскер күчүн пайдалануу менен башка өлкө аймагынын, же анын бир бөлүгүнүн бүтүндүүлүгүн бузуу; б) мамлекеттик куралдуу күчтөрдүн башка өлкө аймагын бомбалоосу, же мамлекеттин башка мамлекетке каршы курал колдонуусу; в) мамлекеттик куралдуу күчтөрдүн башка мамлекетке тийешелүү суубекеттер менен деңиз жээктерин камалоого алуусу; г) мамлекеттик куралдуу күчтөрдүн башка мамлекеттин кургактагы, аба, деңиз күчтөрүнө, же аба, деңиз флотторуна колсалуусу; д) башка мамлекеттин аймагында өзара макулдашуунун негизинде турган башка өлкөнүн куралдуу күчтөрүн макулдашууда каралган шарттарды бузуу менен өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу, же анын макулдашуу мөөнөтү бүткөндөн кийин деле ал аймакта кала берүүсү. Бул тизмек ушуну менен эле бүтпөйт. БУУ Уставынын жоболоруна ылайык, Коопсуздук Кеңеши дагы башка аргандай жосунсуз аракеттерди Т. б. катары аныкташы мүмкүн.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: агрессия прямая

Русский Кыргызский
агрессия кастык
Прямая связь Түз байланыш
Прямая администрация домовладельцы в тех случаях, когда жилое здание включает в себя не более четырех помещений, которые принадлежат двум, трем или четырем различным владельцам; турак үйдө эки, үч же төрт ар башка менчик ээлерине таандык болгон төрттөн ашуун имарат жай болгон учурларда үй ээлеринин түздөн-түз башкаруусун;
В то же время существует прямая власть делегирована CSAKR что повышает статус и расширяет полномочия CSAKR и в соответствии с которым реорганизация, ликвидация государственного органа или изменении численности сотрудников по собственному инициировать прив Мында МКБАнын (АДГСтин) статусун жогорулаткан жана укуктарын кенейткен норма киргизилди, ага ылайык маморганды кайра уюштуруу, жоюу же штаттык расписаниесин өзгөртүү агенттиктин макулдугу менен гана жол берилет.
Прямая дискриминация включает в себя менее благоприятное отношение к кому-то из-за определенных особенностей (например: сексуальная, возраста, расовой, религиозной, происхождения, национальности и инвалидности), по сравнению с теми, кто не имеет этих особ Тике басмырлоо өзүнүн кандайдыр бир белгилери боюнча (мисалы жынысы, жаш курагы, кайсы расага кириши, дин тутушу, кайсыл тукумга тиешелүүлугү, улуту) ошол белгилерге ээ болбогондорго салыштырмалуу бирдей эле жагдайларда алгылыксыз мамилелерге дуушар болго

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: