Меню
Эл-Сөздүк

Осмотр трупа

ӨЛҮКТҮ КАРОО – 1) тергөөчү же алгачкы тергөө органдары тарабынан өлүктү тапкан жерде жабырлануучунун инсанын тактоо, өлүмдүн себептерин жана жерин, убактысын, жагдайларын аныктоого мүмкүндүк берүүчү, ошондой эле мүмкүн болуучу кылмышкерди көрсөтүүчү белгилерди табуу максатында жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттери. Ө. к. калыс күбөлөрдүн жана сот-медициналык эксперттин (же башка врачтын), зарылдыгына жараша башка адистердин катышуусу менен өткөрүлөт. Ө. к-до түздөнтүз баамга урунган иш жүзүндөгү маалыматтар; өлүктүн жаткан абалы жана жайы, болжолдуу жаш курагы, дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү, ж. б; кийим-кечелеринин жана бут кийиминин өзгөчөлүгү жана абалы, нерселер, документтер, өлүктөгү жана анын айланасындагы издер, ошондой эле денесиндеги жабыркоолор жана өлүктүн өзгөрүүлөрү белгиленет. Өлүк фотосүрөткө тартылат, чийме чийилет, издердин кептери жана калыптары даярдалат, чачтын, кандын, дене ткандарынын үлгүсү, манжалардын изи алынат; 2) өлүктү соёрдун алдындагы соттук–медициналык экспертизанын ажырагыс бөлүгү; Ал сырткы анотомиялык (жынысын, жаш курагын, дене түзүлүшүн ж. б.) жана дененин айрым бөлүктөрүнүн патологиялык өзгөрүүлөрүн, ошондой эле жаракаттарды (эгер алар болсо) окуп үйрөнүүдөн көрүнөт. Ө. к. жүрүшүн жана жыйынтыктарын баяндоо эксперттин корутундусуна кошулат.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Осмотр трупа

Русский Кыргызский
Земельный кадастр документация должна также включать картографии (кадастровые карты и планы), осмотр и другие материалы, содержащие данные о границах административно-территориальных образований и их ценности. Жер-кадастр документтерине ошондой эле картографиялык (кадастрлык карталар жана пландар), администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн чек аралары жана алардын баалуулугу жөнүндө маалыматтарды камтыган изилдөө жана башка материалдар кирет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: