Меню
Эл-Сөздүк

Масти животных

(биол.) малдын жана айбандардын түстөрү; табиятта айбанаттын түсү эң көп, булардын боёгун сүрөттөөгө термин жетишпейт. Ошондой болсо да, кыргыздар малдын жана үй айбандарынын түстөрүн жакшы ажыратып келишкен, кала берсе, айбандын түрүнө жараша түсү да бөтөнчө айтылган, бул жагынан кыргыздын терминдери орустуку менен толук туш келбейт, маселен "белая масть" кыргызча бодого ("ак уй", "ак өгүз"), кой-эчкиге ("ак кой", "ак эчки"), эшекке ("ак эшек"), мышыкка ("ак мышык"), куштарга ("ак каз", "ак тоок", "ак күрп", "ак кептер" ж.б.) гана туура келет, бирок жылкыны: "ак ат", "ак бээ" дебестен "боз ат", "боз бээ", итти: "ак дөбөт", "ак канчык" дебестен "куу дөбөт", "куу канчык" ("куба дөбөт", "куба канчык") дешет, ал эми күчүктү "ак күчүк" деп да аташат. Төмөндө айбандардын көп кезигүүчү түстөрү берилди, бул түс кайсы айбанга таандык экени даана болуу үчүн кашаанын ичинде айбандын түрү да көрсөтүлдү. Масть белая —
1. ак түс (бододо, койдо, эчкиде, эшекте, чочкодо, мышыкта, тоокто, казда жана ушул сыяктуу күчүктө),
2. боз түс (жылкыда),
3. Куу түс, куба түс (итте, карышкырда); м. барсовая — чаар (жыдкыда); м. буланая — кула (жылкыда); м. булано-пегая — кулала (жылкыда); м. бурая — күрөң (бододо, жылкыда); м. буро-чалая күрөңбуурул (жылкыда); м. буро-чубарая — күрөңчаар (жылкыда); м. вороная — кара (жылкыда); м. вороно-пегая — карала (жылкыда); м. вороно-чалая — карабуурул (жылкыда); м. вороно-чубарая — карачаар (жылкыда); м. гнедая — тору (жылкыда); м. гнедо-пегая — торала (жылкыда); м. гнедо-чалая — торубуурул (жылкыда); м. гнедо-чубарая — торучаар (жылкыда); м. голубая — көк (түлкүдө); м. дымчатая — көк (бододо); м. игреневая — чабдар (жылкыда); м. изабеловая — кулажээрде (жылкыда); м. караковая — каракер (жылкыда); м. каряя — коңур (жылкыда); м. каурая — сары тору (жылкыда); м. калюная — куйкулсары (жылкыда); м. красная — кызыл (бододо, тоокто); м. красно-гнедая — чийкилтору (жылкыда); м. красно-пестрая — кызылала (бододо); м. мухортая — кер (жылкыда); м. мышастая — сур (жылкыда, бододо, эшекте); м. палевая — мала (бододо); м. палево-пестрая — сарала (бододо); м. пегая — ала (жылкыда); м. пестрая — 1. Ала (бододо, итте), 2. чаар (тоокто ж.б. куштарда); м. подвласая — 1. кер (итте), 2. Сары (итте, түлкүдө); м. рыже-пестрая — сарала (итте); м. рыже-чалая — кызылбуурул (жылкыда); м. рыже-чубарая — жээрдечаар, кызылчаар (жылкыда); м. саврасая — аккула (жылкыда); м. саврасо-пегая — сарала (жылкыда); м. светло-буланая — к. м. саврасая; м. светло-гнедая — сарытору (жылкыда); м. светло-рыжая — к. м. изабеловая; м. светлосерая — акбоз (жылкыда); м. серая — 1. Боз (жылкыда), 2. куба (итте, карышкырда); м. серая в яблоках — темгил көк (жылкыда); м. сивая — карабуурул (жылкыда); м. соловая — сары (ак жал сары, жылкыда); м. темнобуланая — керкула (жылкыда); м. темногнедая — каратору (жылкыда); м. темнорыжая — күрөң (жылкыда); м. темно-серая — каракызыл (жылкыда); м. тигроидная — таргыл (жылкыда, бододо); м. чалая — 1. Буурул (жылкыда), 2. көк (бододо, эчкиде); м. черная — кара (уйда, итте, койдо, эчкиде, илбээсиндерде ж.б.); м. черно-пестрая — карала (бододо, эчкиде, койдо, итте, тооктордо, күрптөрдө, чочкодо ж.б.); м. чубарая — чаар (жылкыда).
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Масти животных

Русский Кыргызский
сорта растений и породы животных өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукумдары
сорта растений и породы животных; өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукуму;
Предметы и аксессуары для животных и уход за ними. Мал кармоо жана аларды багуу үчүн буюм заттар жана буюмдар.
Права на новые сорта растений и новые породы животных Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторуна жана жаныбарлардын жаңы тукумдарына болгон укук
Защита прав на новые сорта растений и новые породы животных Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторуна жана жаныбарлардын жаңы тукумдарына болгон укуктарды коргоо
описательный обзор различных растений, или породы животных; сортту, тукумду баяндоо боюнча кыскача жыйынтык;
Лекарственные растения являются растения, используемые для профилактики и лечения заболеваний человека и животных. Дары өсүмдүктөрү - адамдар менен жаныбарлардын оорусун профилактикалоо жана дарылоо үчүн пайдаланылуучу өсүмдүктөр.
Животный мир исторически сложившаяся совокупность видов животных, обитающих на определенной географической территории. Фауна - белгилүү бир географиялык мейкиндикте жашаган, жаныбарлардын тарыхый калыптанган жыйындысы.
Права на новые сорта растений и новые породы животных (селекционные достижения) охраняются при условии, что был выдан патент. Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторуна жана жаныбарлардын жаңы тукумдарына (селекциялык жетишкендиктер) болгон укуктар патент берилген шартта корголот.
Разнообразие растений, порода животных должны быть представлены и в других странах под тем же наименованием, как и в Государственном реестре. Сорт, тукум башка өлкөлөрдө Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган аталышында сунушталууга тийиш.
Они работали с фермерами, учителей и медицинских работников; они учили английский; они помогли поднять рыбу и сельскохозяйственных животных. Фермерлер, мугалимдер жана дарыгерлер менен чогуу иштешти; англис тилин үйрөтүштү; балыкчылык менен малчылыкты өнүктүрүүгө жардам беришти.
Селекционного достижения удовлетворить условие самобытности если он явно отличается от любого другого сорта растений или породы животных, которые хорошо известны на дату подачи заявки. Селекциялык жетишкендик, эгерде өтүнмө берген учурга карата жалпы белгилүү болгон селекциялык жетишкендиктин кайсынысынан болсун айкын-ачык айырмаланса, айырмалуу деп эсептелет.
Новизна селекционного достижения не утрачивается, если продажа любой материал сорта растений или породы животных осуществляется другими лицами до истечения сроков, указанных в настоящем пункте: Эгерде сорттун же тукумдун кандай материалын болсун сатуу-берүү ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөнгө чейин башка адамдар тарабынан:
Разнообразие растений и порода животных считаются новыми, если на дату подачи заявки на выдачу патента семена или племенной материал данного сорта или породы не были проданы или иным образом переданы другим лицам Эгерде патент алууга өтүнмө берилген датага карата ошол селекциялык жетишкендиктин үрөнү же асыл тукумдук материалы селекциячы, анын укук мурастоочусу тарабынан же алардын макулдугу менен селекциялык жетишкендик жаңы деп эсептелет, эгерде:
Регенерация и воспроизводство видов и форм растений и диких животных биоразнообразия лесов осуществляется через реинтродукции лучших образцов местной флоры и фауны с учетом научных рекомендаций и под контролем Т Токой фондусунун жерлеринде өсүмдүктөрдүн түрлөрү менен формаларын, жапайы жаныбарларды, токойдун биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүү жана жаңыртып өстүрүү токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык органдын жана атайын ыйгарым укук берилген мам
- В ходе исполнения соглашение о котором третья сторона предоставляет дополнительные поставки материала для размножения различных растений, породу животных с согласия заявителя при условии, что такие поставки проводятся под үчүнчү тарап сортту, тукумду көбөйтүү үчүн, мындай жөнөтүүлөр өтүнмө берүүчүнүн көзөмөлү астында жүргүзүлгөн шартта, өтүнмө берүүчүнүн макулдугу менен кошумча материал жөнөтүүнү жүргүзө турган келишимди аткарууда;
Надзор за охоты в Кыргызской Республике, охотничьего спорта, охоты бизнеса, приобретение елей и других охотничьих трофеев, стрельба и отлов диких животных в научных, культурных и экономических целей, соблюдение правил охоты ша Кыргыз Республикасында аңчылык чарбасын жүргүзүүгө, аңчылык спортуна, чарбалык аң уулоо, аң терилерин жана аңчылыктын башка өнүмдөрүн даярдоого, илимий, маданий жана чарбалык максатта жапайы жаныбарларды атууга жана кармоого, аңчылык эрежелерин сактоого а
Достижение с Условиями охраноспособности В ходе экспертизы заявленного селекционного достижения, защищенность сорта растений, породы животных должно быть проверено, приоритет устанавливается, если она не была установлена ​​в Өтүнүлгөн селекциялык жетишкендиктин экспертизасынын жүрүшүндө сорттун, тукумдун коргоого жөндөмдүүлүгү текшерилет, эгерде ал алдын ала экспертиза өткөрүүдө белгиленбесе приоритет белгиленет.
Владелец патента селекционное достижение должен вести соответствующую степень растения или породы животных до уровня в течение срока действия патента таким образом, чтобы сохранить характеристики, указанные в описании сорта или Вr Селекциялык жетишкендиктин патентинин ээси өсүмдүктүн тиешелүү сортун же малдын тиешелүү тукумун патенттин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде аларды каттоодон өткөргөн учурда түзүлгөн сорттун жана тукумдун баяндамасында көрсөтүлгөн белгилери сакталгандай күтүүгө
Биоценоз совокупность растений, животных и микроорганизмов, населяющих определенную относительно однородную часть поверхности суши или водоема и характеризующихся особыми отношениями между ними и небиологических факторов внешней среды. Биоценоз - кургактыктын же көлмөлөрдүн белгилүү бир, салыштырмалуу бирдей жерлеринде жайланышкан жана өз ара белгилүү мамилелер жана чөйрөнүн абиотикалык (биологиялык эмес) факторлору менен мүнөздөлгөн өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана микроорганизмдердин

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: