Меню
Эл-Сөздүк

Банковские операции

Банк аткарымдары

Банковские операции

БАНК АТКАРЫМДАРЫ – КР мыйзамдары боюнча лицензияда атайын көрсөтүлгөн банктар менен кредиттик уюмдар гана иш жүргүзүүчү аткарымдар: а) аманатчылар менен макулдашылган шартта өз атынан депозиттерди тартуу; б) каражат берүүчү менен макулдашылган шартта өз атынан өзүнүн каражатын же башка жактан табылган каражаттарды жайгаштыруу; в) КР улуттук валютасында жеке жана юридикалык жактардын эсебин ачуу жана жүргүзүү; г) кардарлар менен банк-мүчөлөрүнүн тапшырмасы боюнча эсеп-кысап иштерин жүргүзүү жана ага кассалык кызмат көрсөтүү; д) төлөм документтерин (чек, аккредитив, вексель, ж. б.) анын ичинде кредиттик жана төлөм карточкаларын чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана төлөм документтерин бекемдөө; е) карыз милдеттенмелерин сатуу жана сатып алуу (факторинг ), карыздарды, сумманы жыйноо максатында жактардын коммерциялык ишин каржылоо үчүн карыз же вексель боюнча төлөнүүгө жатуучу жөнөкөй жана которум векселдерди сатып алуу жана сатуу (форфетирлөө); ж) мыйзам ченемдик актыларга ылайык КРУБ тарабынан берилген шартта баалуу кагаздарды карызга берүү (депозиттик күбөлүктөр, облигациялар, жөнөкөй векселдер); з) жөнөтүүчүнүн же өндүрүүчүнүн мүлкүн кредиттөө шартында банк ортомчу катары чыккан каржылык лизинг боюнча аткарымдарды ишке ашыруу; и) жеке жана юридикалык жактар менен келишимдин шартында акча каражаттары ишенимдүү башкарууну жүргүзүү; к) банк кепилдигин берүү. Жогоруда саналып өткөн Б. а-нан сырткары, банк КР мыйзамдарына ылайык өз иштерин камсыз кылууга зарыл болгон башка да бүтүмдөрдү жүргүзүүгө акылуу.

Банковские операции

Банктар тарабынан акча каражаттарын, баалуу кагаздарды тартуу жана жайгаштыруу, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча жүргүзүлгөн операциялар. Алар төмөнкүлөргө бөлүнөт: а) банктар алар аркылуу колдо болгон финансылык ресурстарды жайгаштыра алган активдүү операцияларга, б.а. кредит берүү, баалуу кагаздарды сатып алуу; б) банктар алар аркылуу финансылык ресурстарды топтогон пассивдүү операцияларга, б.а. аманаттарды тартуу, кийинчерээк активдүү каражаттар катары колдонуу үчүн баалуу кагаздарды сатуу; в) кызматтарды сунуштоо, тапшырмаларды аткаруу, ортомчулук операцияларын жана мыйзамдарда жол берилген башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоолор.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Банковские операции

Русский Кыргызский
Тип операции Операциянын түрү
Банковские механизмы Банктык тейлөө тутуму
Операции Банка Кыргызстана Кыргыз банкынын операциялары
Банковские счета и валютного контроля. Банк эсеп-кысаптары жана валюталык жөнгө салуу.
Внешнеэкономические связи и валютные операции Тышкы экономикалык байланыштар жана валюталык операциялар
Межбанковский ликвидности; Банковские резервы Банктар ортосундагы өтүмдүүлүк; банк ресурстары.
18 Межбанковский ликвидности;Банковские резервы 18. Банктар ортосундагы өтүмдүүлүк; банк ресурстары
скидка / премия к предыдущей операции невозможно мурунку операцияга кайра арзандатуу/кошуу мүмкүн эмес
осуществлять другие банковские операции, не запрещенные законом. мыйзамдар тарабынан тыюу салынбаган башка банк операцияларын жүргүзүү.
Валютные операции, связанные с покупкой/продажей одной валюты в обмен на другую. Бир валютаны башка валютанын ордуна сатып алуу/сатуу боюнча валюталык операциялар.
Валюты стран, в которых применяются запреты на операции по обмену их валюты на другие валюты. Валюталарын башка валюталарга алмашуу боюнча операцияларга тыюу салынган өлкөлөрдүн валюталары
Банковские переводы осуществляются только тем клиентам, которые живут за пределами Кыргызстана. Банк менен которуу Кыргызстандын аймагында жашабаган кардарлар үчүн гана жүргүзүлөт.
Валюты стран, в которых применяются ограничения на операции по обмену их валюты на другие валюты. Валюталарын башка валютага алмаштыруу операцияларына чектөөлөр колдонулган өлкөлөрдүн валюталары.
осуществлять банковские операции по обслуживанию банков и других финансовых кредитных учреждений; банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди тейлөө боюнча банк операцияларын жүзөгө ашырууга;
Они должны математические понятия, чтобы они могли понять, банковские и бизнеса, банкротство и времена бума. Банк иштери менен бизнести, банкроттук менен өнүгүүнү баяндоо үчүн математикалык түшүнүктөр зарыл.
установить правил для проведения банковской операции, бухгалтерского учета и отчетности в банковской системе; банк тутуму үчүн банк операцияларын, бухгалтердик эсепти жана баяндама берүүнү жүргүзүүнүн эрежелерин белгилейт;
Обменные операции между сом и другими валютами на территории Кыргызской Республики, не должны быть ограничены. Кыргыз Республикасынын аймагында сомду чет өлкөлүк валютага алмаштыруу боюнча операцияларга чек коюлбайт.
Ипотека права на земельный участок не допускается в случаях, когда операции с правом на земельный участок запрещено. Жер тилкесине укукка карата бүтүм түзүүгө тыюу салынган учурларда, жер тилкесине укуктун ипотекасына жол берилбейт.
Банковские счета, на которых размещается иностранная валюта физических и юридических лиц, государственных учреждений. Жеке адамдардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттик мекемелердин чет өлкө валюталары жайгаштырылган банктык эсептер.
Сегмент финансового рынка, в котором проводятся операции с ценными бумагами. Состоит из первичного и вторичного рынков. Финансы рыногунун баалуу кагаздар менен операциялар ишке ашырылган сегменти. Ал биринчилик жана экинчилик рынокторунан турат.

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: