Меню
Эл-Сөздүк

сеп

сеп I
1. приданое (одежда, украшения, утварь, но не скот);
Солтобайга беремин кызымды сонун түркүн сеп менен фольк. я отдам за Солтобая дочь свою с разнообразным роскошным приданым;
2. перен. прибавка;
бака сийсе, көлгө сеп погов. лягушка помочится - озеру прибавка; и бородавка телу прибавка.
сеп II
(чаще в сочет. с жан) успокоение, отдых;
жаным сеп албай эле, кечке иштедим я работал до вечера без отдыха;
бир күн болсо да, жайлоого көчүп, сеп ала турушпайбы? что же они хотя бы на день не откочуют на летовку и не отдохнут?
экөө бир аз жайланып, шамалдан сеп алып отурушкан они вдвоём, кое-как укрывшись от ветра (в укрытии), сидели и отдыхали;
жанын сеп алдыргысы келет ему хочется отдохнуть;
жанын сеп алдырсын пусть он немного отдохнёт;
сеп болбоду не помогло; успокоения не принесло.
сеп III
усиление к словам, начинающимся на се;
сепсемиз жирный-жирный.
сеп- IV
(деепричастие сээп)
сыпать, посыпать; сеять; брызгать;
короого бир аз суу сээп кой, чаңы басылсын полей (побрызгай) немного во дворе, пусть пыль прибьётся;
буудай сеп- сеять пшеницу;
суу сепкендей басылды совершенно замерло, затихло, улеглось (будь то приятное или неприятное).

СЕП

«Кымкаптын өөнүн эп кылган, Кыздарына сеп кылган, Баркуттун өөнүн эп кылган, Балдарына сеп кылган» (Калык). Бул — көркөм буюмдардын бир бүтүм жыйнагы. Кыздын төркүнүнөн барган жерине алып чыгуучу асыл-заада буюм-кечелери. Ага уста-узчулуктун сырдуу кооздугу аркылуу бүткөн: шырдак, туш кийиз, шалча, ала кийиз, килем, сөйкө, желбирөөч, күбөк, чолпу, чачкан, кеп такыя, билерик, шакек, оймок, бой тумар, төөнөгүч, сыяктуу өздүк буюмдары, ат жабдыктары, жууркан-төшөктөрү, кийим-кечектери жана башкалар кирет. Атайын көтөрүлүп берилген ак өргөө кыз себинин ата башын түзгөн. Кыз тестиер чагынан тартып эне менен эженин, же айылдаш чеберлердин нускоолору аркасында узчулуктун учугун саптап, узданууга максаттанган. Ошентип, өзүнө таандык себин өзү баса отуруп, аруу колдон даярдап чыккан. Ал кыздын асем жасалгаларына, ат жабдыктарына усталар узанышкан. Ага атайын үй көтөрүп, көмүрүн өчүрүүгө, көрүгүн басууга, күжүсүн күйгүзүүгө адам шайланган. Устанын узануу акысы күн мурунтан бычылган. Өрмөк согууда, килем токууда, шырдак шырууда, кийиз уютууда, чий чырмоодо, кийим-кечектерин бычып-тигүүдө биргелешип узануунун салттары болгон. Үй ээси аларды мыкты күтүнүп алган. Бул элдик өнөрдүн жагымдуу жагдайлары кийинкиге дейре Ош тарапта үймө-үй өнүгүп келген. Кыз бала он-он төрт жаштардан баштап эле ал өзү өрмөк согуунун, килем токуунун, сайма саюунун, курак куроонун, шырдак шыруунун, түймө түйүүнүн, чий чырмактоонун түйшүктөрүнө адистешкен. Мындай аракеттер менен сеп даяр болуп, узчулуктун мектебин көрсөткөн.
      Өнөрүбүздүн өсүү жактарына назар ташталып, бир жоголсо табылгыс муну кайрадан жандантууга басым бар. Ошондо сеп даярдоо жөнүндө да сөз болгондо «Азыр кыздар учук саптай алышабы? Узчулуктун кайсылары алардын колдорунан келе алат? Бош убактыларын кыздар кандай пайдаланат? Жар күтүүчү жигиттер ушул жагына назар ташташабы? Ага ата-энелер, ага-туугандар, жерге жээк да муну баамдаса». Кыз балдары үчүн эне чоң жоопкерчиликте болгон. Кыз эс тартканы жүк маанектечү. Куурчак ойноо узчулуктун башаты эле. Кыз ошол учурунан тартып эле бирдемеге тетиктелген. Жүк маанектөө — узданууга отуруучу, абалы сайма саюучу. Кызынын чоркок болуп калышы энесинин намысына камчы чапкан. «Кызыңдын эчтекелерге эби жок» — деген сөздү мен укпайын — деп аталар алдыртан сөз таштап коюучу. Түштүк кыргыздарда Ата-энеден ийбаа кылуу наркы бар. Алар азыр килем токушат. Өрмөк согушат, үйдүн ичин «илме дос», «терс кайык», «чыраш», «басма» саймалары аркылуу жасалгалашат. Демек, узчулук сылыктыкка, сыпайычылыкка үйрөтөт. «Баланчанын келини укмуштуудай уз», «Түкүнчөнүн кызы иштүү экен» сымал жышаандар айыл аралап кетүүдө. «Сеп калыңына жараша» дешет. Байыркы көчмөн убакта сепке боз үйдөн сырткары саанына уй, минерине ат, жук артарына төө же өгүз, үй ичинде күнүмдүк турмушунда уруна турган буюмдары туткучуна дейре даярдалган. Ар убак шартына, мүмкүнчүлүгүнө карата келген. Кээде себи бир төшөк, бир жууркан, эки жаздык, алдына салар ала кийиз, же ашык бирдемени деле кылышпай, ата-энелер эки жаштын бактылуу өмүр сүрүшө берүүсүнө ыраазы болушкан учурлары көп болуп келген.
      Күйөөнүн атасы эмне бере алганына карап бүгүнкү барчылык мезгилде себине эки жаштын күнүмдүк тирилигине зарыл төшөк-буюм кылып берип жатат. Кээде муну көптөп бүтүрөт. Бирок, көп көңүл жумшалган буюм, кийим, эмерек эки жаштын купулуна толобу, алардын рухий, маданий деңгээлине шайкеш болобу — алардын каалоосун, зарылчылыгын эсепке алуу абзел.

сеп

сеп (этн.), себи, сеппи

сеп

сеп: жаны сеп алуу
сеп берүү

сеп

I зат. 1. Кызды күйөөгө бергенде кошо берилүүчү кийим-кече, үй оокаттары жана түрдүү буюмдар. Солтобайга беремин Кызымды сонун түркүн сеп менен («Олжобай менен Кишимжан»).
2. Кошумча. Бака сийсе, көлгө сеп (макал).
СЕП II: жаны сеп алуу — кичине эс алуу, дем алуу. Жаныңды такыр сеп алдырбас болдуң (Бейшеналиев).
СЕП III этиш. Майда же суюк нерсени бириндетип чачуу, себелөө. Эшик алдын шыпырып, суу сээп тазалайм (Абдукаримов). Арпа, буудай, сулулар Сеп кен жерде сеңселип (Нуркамал).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числосеп
Множ. числосептер
Склонение по падежам - "сеп"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?сеп
Родительный Чей?септин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?сепке
Винительный Кого?, Что?септи
Местный Где?, У кого?септе
Исходный Где?, У кого?септен
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?септер
Родительный Чьи?септердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?септерге
Винительный Кого?, Что?септерди
Местный Где?, У кого?септерде
Исходный Откуда?, От кого?септерден

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: