Меню
Эл-Сөздүк

аргын

1. помесь яка и домашней коровы;
2. перен. гибрид, метис.

АРГЫН

АРГЫН — этноним. Кыргызга жамаатташ жайгашкан түрк урууларынын бири. Азыркы учурда казактардын орто жүз курамынын ичиндеги эң ири уруусу. 8 — 12-кылымда Жети-Сууну, анын ичинде Таласты жердеген аргу уруусу менен байланышы бар. А., аргу экөө тең «аралаш», «курама», «ар кошкон уруулардын бирикмеси» маанисин туюнтат. Эпосто А. өз алдынча уруу катары сүрөттөлөт. Бул кыргыз менен казактын 16—18-кылымга таандык тарыхый алакалары гана эмес, 13-кылымга чейинки кыргыз А. байланыштары тууралуу да эпикалык дарек болуп саналат. Кыргыздар менен А. ата-журту боюнча коңшулаш, саясий багыты дайыма бирге, союздаш:
Аман болсо Манасың,
Кең-Кол, Талас жер табат,
Атамдан калган мурас деп,
Аргын, кыргыз эл табат (Саякбай Каралаев, 1.69).


аргын

зат. Тукуму, сорту ж. б. ар түрдүү болгон организмдердин бири-бирине аргындашуусунан пайда болгон жаныбар, өсүмдүк же киши. Музоолуу аргын уюн, кулундуу жалгыз бээсин Асандын өзү кыдыртып жүрүп оттотот (Абдумомунов).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: