Меню
Эл-Сөздүк

АКУНБЕШИМ

АКУНБЕШИМ, Акунбешим пааша, Акун шаа— эпизоддук кейипкер, Чүйдү бийлеп турган калмак каны. Кырк беш жыл кан болуп эл бийлеген А. Орго кандын Манастан жеңилгенин уккандан кийин жер-жердеги адамдарына чабарман жиберип кол курап, үч ай он төрт күн согушка даярдык көрөт. Согушта А-дин колу жеңилип, өзүн Манас атынан түшүрө сайып, артынан жете келген Айнакул башын кесип кетет (Сагымбай Орозбаков, 2. 125—145).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: