-
КИЙИТ
-
Эки куда катташкан убактарда кийилүүчү кийим. Илгертен келе жаткан сый. Кызын берип жаткан кишилерге ыраазылык билдирүү, алардын көңүлүн алуу, жөн эле жарашпаган бир майда-чүйдө кийим-кече Менен эмес, алардын бойлоруна чак, купулуна толорлук кийим
тигилген. Ырас, кыздын ата-энеси да жооп ирээтинде уулдун ата-энесине кийим кылышат.
Кийит даярдоо — узчулукту билдирет. Кийитке ичик, чепкен, чапан, кемсел, бешмант, тебетей, калпак, кош этек өңдүү элдик кийимдер кирген да, алар куда-сөөктөрдүн жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша атайын арналып тигилген. Кымбат баалуу кийим «баш кийит» делген. Ал кан куда-кудагыйларга, аксакалдарга кийгизилген. Кийит үчүн эндей кездемелерди да коюшкан. Азыр даяр кийим-кечектерди сатып алууга бөтөнчө көңүл бөлүнүүдө.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | кийит |
Көптүк сан | кийиттер |
Жөндөлүшү - "кийит"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | кийит |
Илик Кимдин? Эмненин? | кийиттин |
Барыш Кимге? Эмнеге? | кийитке |
Табыш Кимди? Эмнени? | кийитти |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | кийитте |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | кийиттен |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | кийиттер |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | кийиттердин |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | кийиттерге |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | кийиттерди |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | кийиттерде |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | кийиттерден |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кийит