-
Анткордук
-
АНТКОРДУК – ооруну же анын айрым белгилерин атайылап жалган тууроо, болбосо оорусунун белгилерин атайылап күчөтүп көрсөтүү (А-тан айырмаланып, анын так мааниси «аггравация» аталат). Ал пайдакечтик үчүн же жеке кызыкчылыктан улам (эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул алуу үчүн, аскердик кызматтан качуу үчүн) жасалат. А. денебой кемчилигин атайылап жалган көрсөтүү (төкөрдүк, дүлөйлүк), денебой дарты (соматикалык), жин оорусу, акыл-эсин алдыруу түрүндө, ошондой эле оорусунун деңгээлин атайылап күчөтүп көрсөтүү (аггравация) таризинде байкалат. КР мыйзамдары эгер ал аскердик кызмат милдетин өтөөдөн качуунун амалы болуп саналса, кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилейт.
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | анткордук |
Множ. число | анткордуктар |
Склонение по падежам - "анткордук"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | анткордук |
Родительный Чей? | анткордуктун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | анткордукка |
Винительный Кого?, Что? | анткордукту |
Местный Где?, У кого? | анткордукта |
Исходный Где?, У кого? | анткордуктан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | анткордуктар |
Родительный Чьи? | анткордуктардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | анткордуктарга |
Винительный Кого?, Что? | анткордуктарды |
Местный Где?, У кого? | анткордуктарда |
Исходный Откуда?, От кого? | анткордуктардан |
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
анткордук