Меню
Эл-Сөздүк

ЖАБЫК БАШ

«Жабыш башы кундуздан, жана токсон үй болду» («Манас»). Бул — көбүнчө кийиз оюм менен жасалып, боз үйдүн ички уугунун билегине тегерете тосулуучу көркөм буюм. Боз үйдүн көрүп отура турган ички жасалгаларынын эң негизгилеринин бири. Анын түрдүү үлгүлөрү бар. Мисалы, четине шырдактыкындай эки кат кызыл жиптен чалынып, «жээк» коюлат, «Бычак учуна» жана эки четине дейре көбүнчө ак менен кызылдан сөөм-карыштай «кыял», «жарым кыял», «бадам» оюмдарынан «ак этек» берилет. Жабык баштын ортолугуна көбүнчө шырдакка таандык «табак оюмунун жана «түр оюмунун» бирин ирээти менен көчүрүлөт. Жабык баш, адатта, кадимкидей шырдактык шырык аркылуу шырылат. Боз үйдүн аянтына карата тегерете бычылган бул буюм эки же төрт бөлүктөн турат.
      Айрым учурда ак өргөөлөргө илгери кош жабык баш да тартылган. Бул бир эсептен ал үй ээсинин дөөлөтүн жана даражасын көрсөтсө, эң негизгиси ошол боз үй тиккен чебердин узчулук дараметин айкындайт. «Жабыгын ачык ойдурган, Жабыгынын жээгине, Жалпы кундуз койдурган» (Жеңижок) — дегендей уздар жабык башты жасоодо көркөм үлгү катары мына муну пайдаланууда.
      Адатта, «жабык баштын» четине кызыл менен карадан «жээк» түшүрүп алат. Анан ак-карадан «ара тиш», «бычак учу», «ит куйрук» оюмдары берилет да, кызыл-карадан кош «бадам оюмун» келтирет. Кайрадан кара-актан жогорудагы оюмдардын бирөө түшүп, андан кийин эки-үч элидей кызыл жана кара өңдө «жээк» берилет. Эми берилүүчү «аламычы» кызыл-көктөн болот да, ак-көктөн «бадам оюму» анан кайрадан «аламычы» түшүп, ал кызыл өңдө жээктелет. Мында оюмду айырмалоодо, аны кооздук даражасына ойдогудай келтирүүдө жеке эле «араа тиш» (бычак учу) сыяктууларды арбын бербей, «ит куйрук оюмун» да, «бармак боочу оюмун» да, «кыял оюмун» да, «бадам оюмун» да ортолук оюмдун ыңгайына карата пайдалана берүүнүн зарылчылыгы бар. Кийизден оюм түшкөн көркөм буюмдарды шыруу, ак-кара, көк-кызыл өңдөрдү ирээттүү колдоно билүү буюмдун жүзүн ойдогудай ачат.
      Кийизге чымкый кызылдан жээк берип туруп, кызылкөктөн «жүрөк оюмун» же «табак оюмун» түшүрүп, астына кайрадан кызыл өң менен жээктеп, ак менен чымкый көктөн «бадам оюмун» берип койсо, андан бетер жакшы көрүнөт.
      Жабык башка көк менен кызылдан «капкан оюмун» түшүргөн уздар кездешет. Ал табакча сыяктуу тегерекче-тегерекче келет да, ар бир тегерекче өзүнчө курчалып, кудум кош жаактуу капкан сыяктанып, үзүл-кесилсиз улаштыра берилип кетет. Бул да «жалпы оюм» аркылуу жүзөгө ашып, шырдак оюмдарынын нукура үлгүсүн билгизет. «Капкан оюмдун» ортосу төрт мүйүзчөдөн турат. Мунун четтик оюму «бычак учу», «ит куйрук», «бадам» оюмдардан болушу ортолук оюмун ого бетер кооз көрсөтөт. «Тиштиш» өңдөнтүп аламычтантып берген «ортолук оюмдун» табакча-табакча болуп көрүнүшү, буюмдун өзүнө таандык көркөмдүгү белгилүү чекте ача алат.
      Жабык башта азыр жашыл-кызыл өң арбын беттешүүдө. Анда «кыял», «мүйүз», «кочкор мүйүз» оюмдарынын элементтери ич ара ширелишип, мындайынан караганда көркөм буюмда «ийрек», «ит куйрук» оюмдарынын негизги элементтери элестеп кетет.
      Боз үйдүн ички жасалгасынын жалпы танабын «ак этек» ачат. Ал көбүнчө ак, кызыл өңдө берилет. Адатта, боз үйгө баш баккан адам шырдак оюмдарын өзүнө камтыган «жабык башка» үңүлөт. Эгер «табакча оюму» аркылуу берилсе, мунун ичинде «мүйүз», «кош мүйүз», «сыңар мүйүз», «кочкор мүйүз», «бадам» оюмдарын кыялдантуу керек. Анда табакча-табакча болуп түшкөн ортолук
      оюмдун аралыктарын «бадам оюму» бириктирип, ал көк менен кызылдан беттешсе, кооздуктун элдик мүнөзгө эгедер наркын билгизет. Анда ак-карадан кыялданта берилген «ак этек» түшөт да, ал буюмдун башындагы «бычак учуна» үндөшүп кетет. Буга «жүрөкчөлөнгөн» көркөм оюмдун четтерине «ит куйрук оюмун» кыйыштырып, анын четине «бадам оюмун» берсе, ал «ак этек» болуп көрүнөт. Жабык башта «табакча оюмунун» ичинен «мүйүз оюмун», «бармак боочу оюмун» жарым кыялданта берүүбүз туура болот. Табакча-табакчалардын араларын «бадам оюму» бириктирип турса, ал көк-кызыл менен беттештирсе, андай буюм сөзсүз кооз көрүнөт.
      Кийизге «жүрөкчө» болуп түшкөн көркөм оюмдун четтерине «ит куйрук оюмун» кыялдантып, четтик оюмга «бадал оюмун» берсе, ал «ак этек» болуп саналат.
      Оймочулук — сулуулукту күндөлүк турмуш менен айкалыштырып, кылымдардын кыйрын кыркып, элдик чыгармачылыктын жемиши. Элибиз көчмөңдүү жашоо мезгилинде эле натуралык чарбачылыктын астында көркөм табит салттуулукта өнүгүп келүүгө жана калыптанууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
      Кутмандуу кыргыздар өзүнүн оюм-чийимдерин ар кандай шарттарда жараткан. Демек, ала тоолор, арсак-арсак зоолор, арстан тиш аскалар, күмүш өзөндөр, гүлдүү өрөөндөр, торгой көз булактар, карагай черлер, көз кыйкыткан мейкиндиктер, мал жайыттар, алакандын отундай адыр белестерди курчаган кыйма-чийме жолдор буларга шыктануу аркылуу жаратышканы баамдалып турат. Оюмдун жүзү кийизде ачылат. Чебердикте «кочкор мүйүз оюму» ар дайым четтик оюмдун ордун ээлейт. Буюмга өзөк болот да, буюмдун ортолугу бүтүндөй «мүйүз оюмдардан» да болушу шарттуу көрүнөт. Жалаң «мүйүз оюмдарын» көркөм каражат кылып, кийиз кармоодо анын «аламычын», «бычак учулап», «чагармактап», же «жарым кыялдантып», ак-карадан жупташтыруу гана буюмга кооздук ыроолойт. Мындай кылдаттык кызыл-көк беттешкен көркөм оюмга укмуштай жагым берет.
      Уздар айрым учурларда «мүйүз оюмдарынын» ортолорун сары-көк түстө тиш-тиш кылып да көрсөтө алат. Анда төрт «кочкор мүйүз оюму» табакчаны түзөт да, алардын четтери «араа тиш» (бычак учу), «жарым чагармак оюму» аркылуу курчалат. Мында «табак оюму» оюмдун бир нече элементтеринин туундусу болуп көрүнөт. Анткени, төрт-беш эле табакча көзгө толумдуу бир оюмду жарата алат. Бир эле табакчадан бир чакан үлгү жаратууга да болот. Мында чеберлер оюм баштарынан оюм чыгарууга да уз келишет. Көпчүлүк чеберлер «кочкор мүйүз оюму»
      өңдүүлөрдүн баштарына «карга тырмак оюму» сыяктууларды берип жүрүшөт. Көркөм оюмдардын түпкүлүктүү наркын сактаган жана улап жаткан уздар жердиги манатка да, ноотуга да кооздуктардын өзүнчө кыялданган жакшынакай формаларын сактайт.
      Кээ бир аймактарда жабык башка да көркөм сайма көчөттөрүн түшүрөт. Мунун четине кадимкидей туш кийиздей эки кат кызыл жиптен чалынып, «жээк» коюлат. Эки четине ак менен кызылдан сөөм-карыштай айырмалана турган сайма көчөттөрү берилет. Бул боз үйдүн аянтына карата тегерете эндүүрөөк бычылып тартылат. Жабык баштын «аламычын» «бычак учтантып», «чагармактатып», же «жарым кыялдантып», ак-карадан жупташтыруубуз буюмга кооздук берет. Мындай уздук кызыл-көк беттешкен көркөм оюмдарга таандык.
      Айрым учурларда «мүйүз оюмдарынын» ортолорун сары-көк түстө тиш-тиш да көрсөтүүгө болот. Анда төрт «кочкор мүйүз оюму» бир табакчаны түзөт да, алардын четтери «араа тиш» (бычак учу), «жарым чагырмак» аркылуу курчалат. Мында «табак оюму» оюмдун бир нече элементтеринин туундусу болуп көрүнөт. Анткени, төрт-беш эле табакча көзгө толумдуу бир буюмду жаратат. Бир эле табакчадан бир чакан үлгүнү жаратууга да болот. Мында чеберлер оюм баштарынан өзүнчө оюм чыгарууга да уз келишет. «Кочкор мүйүз оюму» өңдүүлөрдүн баштарына «карга тырмак» сыяктууларды берип, көркөм оюмдардын түпкүлүктүү наркын сактаган жана улап жаткан уздар жердиги манатка да, ноотуга да кооздуктардын өзүнчө кыялданган жакшынакай түрлөрүн сактайт.
      Жабык башка да көркөм сайма көчөттөрүн түшүргөн аймактар бар. Мунун четине кадимкидей туш кийиздей эки кат кызыл жиптен чалынып, «жээк» коюлат. Эки четине дейре ак менен кызылдан сөөм-карыштай айырмаланган сайма көчөттөрү берилет. Мында да жээк (четтик) жана борбордук көчөттөр түшүрүлөт. Бул боз үйдүн аянтына карата тегерете эндүүрөөк бычылат.

Примеры переводов: ЖАБЫК БАШ

Кыргызский Русский
браузер жабык . Браузер закрыты.
Жабык шериктештик Секрет партнерства
Жабык маалыматты коргоо укугу Право на защиту информации, не подлежащей раскрытию
чек жабык - операция мүмкүн эмес проверка закрыт - операция не представляется возможным
Жабык маалыматты мыйзамсыз пайдалануудан сактоо Защита информации не подлежит разглашению против незаконного использования
Жабык маалыматты мыйзамсыз пайдалангандык үчүн жоопкерчилик Ответственность за незаконное использование информации не подлежит разглашению
Жабык маалыматты мыйзамсыз пайдалануудан коргоо укугунун башкага өтүшү Назначение прав на защите информации не подлежит разглашению в отношении неправомерному использованию
Ишти жабык жыйналышта кароого мыйзамда белгиленген учурларда гана жол берилет. Слушание дела в закрытом судебном заседании допускается лишь в случаях, предусмотренных законом.
Жөнөкөй шериктештик келишиминде үчүнчү жактар үчүн анын бар экендиги ачык көрсөтүлбөшү (жабык шериктештик) каралышы мүмкүн. договор о сотрудничестве могут предусматривать, что его существование не должно быть объявлено третьим лицам (секрет товарищество).
Жабык маалыматты коргоо укугу ушул Кодекстин отуз төртүнчү беренесинде каралган шарттар сакталып турганга чейин колдонулат. Право на защиту информации не подлежат раскрытию вступает в силу до тех пор, пока условия, изложенные в части первой статьи наблюдаются тридцать четвертым настоящего Кодекса.
Талаптар жана милдеттенмелер ортосунда ар бир валюта боюнча суммалардагы айырма. Валюта позициясы ачык жана жабык болушу мүмкүн. Разница между требованиями и обязательствами по суммам в разрезе каждой валюты. Валютная позиция может быть открытой и закрытой.
Жабык маалыматка укук ченеминде ээ болгон адам аны мыйзамсыз пайдаланган адамдан аны ошол замат токтотууну талап кылууга укуктуу. Лицо, правомерно владеющее информацией вправе требовать, чтобы тот, кто незаконно использует это было бы оперативно прекратить его использование.
Жабык маалыматка ээ болгон адам ал маалыматты түзгөн маалыматтардын баарын же бир бөлүгүн башка адамга уруксаттамалык келишим боюнча бере алат. Человек, обладающий информация не подлежит раскрытию может передавать все или часть сведений, составляющих содержание этой информации другому лицу по лицензионному договору.
Мындай келишимге ушул беренеде башкасы каралбаса же жабык шериктештин маңызынан башкасы келип чыкпаса, жөнөкөй шериктештик келишими жөнүндөгү эрежелер колдонулат. Правила договора о партнерстве применяются к такому договору, если иное не предусмотрено настоящей статьей или возникает из существа секретного партнерства.
Үчүнчү жактар менен мамилелерде жабык шериктештиктин ар бир катышуучусу шериктердин жалпы таламында өз атынан түзгөн бүтүм боюнча өзүнүн бардык мүлкү менен жооп берет. В отношениях с третьими лицами, каждый участник секретной товарищества отвечает всем своим имуществом по сделкам, которые он заключил от своего имени в общих интересах партнеров.
бардык инстанциялардагы соттордун отурумдарына, анын ичинде соттук териштирүү кызыкчылыгын көздөп жабык деп жарыяланган сот отурумдарына укук субъекти макул болгон шартта катышууга; присутствовать на заседаниях судов всех инстанций, в том числе испытаний с ограниченным доступом при условии, Сторона, для которой суд был объявленный закрытой соглашается.
Жабык маалыматты мыйзамдуу негиздерсиз пайдалануудан коргоо укугу ал маалыматка карата кандайдыр бир майда эрежелер (аны каттоодон өткөрүү, күбөлүк алуу ж.б.) аткарылгандыгына карабастан пайда болот. Право на защиту информации, не подлежащей разглашению против незаконного использования возникает независимо от выполнения каких-либо формальностей в отношении этой информации (ее регистрации, получения свидетельств и т.п.).
Жабык маалыматты мыйзамсыз негизде алган же таркатып жиберген, же болбосо пайдаланган адам андай маалыматка укуктун ченеминде ээ болгон адамга аны мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. Человек, который получил или доставлены информации не подлежит разглашению без законных оснований или с помощью он обязан возместить лицо, обладающее этой информацией на законных основаниях для всех убытков, причиненных в результате его unlawf
Келишимде башкача каралбагандыктан улам, маалыматтын жашырындыгын сактоо милдети, эгерде тиешелүү маалыматтар жабык маалымат бойдон кала берсе, уруксаттамалык келишим токтотулгандан кийин да уруксаттама берүүчүгө тагылат. Так иное не предусмотрено в договоре лицензиат несет ответственность сохранять конфиденциальность информации после прекращения действия лицензионного соглашения, если соответствующие данные сохраняет быть не подлежит разглашению.
Жабык маалыматтын мазмунун түзгөн маалыматтарды өз алдынча жана укук ченеминде алган адам ал маалыматты тиешелүү жабык маалыматтын ээсинин укуктарына көз карандысыз пайдаланууга укуктуу жана анын алдында мындай пайдалануу үчүн жооп бербейт. Лицо, имеющее независимо и законно полученные данные, которые составляют содержание информации, не подлежащей разглашению вправе использовать эти данные, независимо от прав обладателя соответствующей информации, не подлежащих disclosu

Примеры переводов: ЖАБЫК БАШ

Кыргызский Английский
браузер жабык . Browser closed .
Жабык шериктештик Secret Partnership
Жабык маалыматты коргоо укугу Right to Protection of Information Not Subject to Disclosure
чек жабык - операция мүмкүн эмес check closed - the operation is not possible
Жабык маалыматты мыйзамсыз пайдалануудан сактоо Protection of information not Subject to disclosure against unlawful use
Жабык маалыматты мыйзамсыз пайдалангандык үчүн жоопкерчилик Liability for Unlawful Use of Information Not Subject to Disclosure
Жабык маалыматты мыйзамсыз пайдалануудан коргоо укугунун башкага өтүшү Assignment of Rights to Protection of Information Not Subject to Disclosure Against Unlawful Use
Ишти жабык жыйналышта кароого мыйзамда белгиленген учурларда гана жол берилет. Hearing of the case in closed trial is allowed only in cases provided by law.
Жөнөкөй шериктештик келишиминде үчүнчү жактар үчүн анын бар экендиги ачык көрсөтүлбөшү (жабык шериктештик) каралышы мүмкүн. Partnership contract may provide, that its existence should not be announced to third parties (secret partnership).
Жабык маалыматты коргоо укугу ушул Кодекстин отуз төртүнчү беренесинде каралган шарттар сакталып турганга чейин колдонулат. Right to protection of information not subject to disclosure shall be effective until the conditions set forth in part one of Article thirty-fourth of this Code are observed.
Талаптар жана милдеттенмелер ортосунда ар бир валюта боюнча суммалардагы айырма. Валюта позициясы ачык жана жабык болушу мүмкүн.
Жабык маалыматка укук ченеминде ээ болгон адам аны мыйзамсыз пайдаланган адамдан аны ошол замат токтотууну талап кылууга укуктуу. A person lawfully possessing information shall be entitled to demand that he who unlawfully uses it would promptly cease its use.
Жабык маалыматка ээ болгон адам ал маалыматты түзгөн маалыматтардын баарын же бир бөлүгүн башка адамга уруксаттамалык келишим боюнча бере алат. A person possessing information not subject to disclosure may assign all or part of data constituting the content of this information to other person under the license agreement.
Мындай келишимге ушул беренеде башкасы каралбаса же жабык шериктештин маңызынан башкасы келип чыкпаса, жөнөкөй шериктештик келишими жөнүндөгү эрежелер колдонулат. Rules of partnership contract shall apply to such contract, unless otherwise provided by the this Article or arises from the essence of the secret partnership.
Үчүнчү жактар менен мамилелерде жабык шериктештиктин ар бир катышуучусу шериктердин жалпы таламында өз атынан түзгөн бүтүм боюнча өзүнүн бардык мүлкү менен жооп берет. In relations with third parties, each participant of secret partnership shall be liable with all his property on transactions, which he had concluded on his behalf in the partners' common interests.
бардык инстанциялардагы соттордун отурумдарына, анын ичинде соттук териштирүү кызыкчылыгын көздөп жабык деп жарыяланган сот отурумдарына укук субъекти макул болгон шартта катышууга; to attend sessions of courts of any instance, including trials with restricted access provided the party for which the trial has been announced closed agrees.
Жабык маалыматты мыйзамдуу негиздерсиз пайдалануудан коргоо укугу ал маалыматка карата кандайдыр бир майда эрежелер (аны каттоодон өткөрүү, күбөлүк алуу ж.б.) аткарылгандыгына карабастан пайда болот. The right to protection of information not subject to disclosure against unlawful use shall arise regardless of the execution of any formalities in relation to this information (its registration, receipt of certificates and etc.).
Жабык маалыматты мыйзамсыз негизде алган же таркатып жиберген, же болбосо пайдаланган адам андай маалыматка укуктун ченеминде ээ болгон адамга аны мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. A person who has got or delivered information not subject to disclosure without lawful grounds or is using it shall be obligated to compensate the person who possesses this information on lawful grounds for all losses inflicted in the result of its unlawf
Келишимде башкача каралбагандыктан улам, маалыматтын жашырындыгын сактоо милдети, эгерде тиешелүү маалыматтар жабык маалымат бойдон кала берсе, уруксаттамалык келишим токтотулгандан кийин да уруксаттама берүүчүгө тагылат. Since other is not provided for in the contract the licensee shall bear the liability to keep confidentiality of information after the cessation of the license agreement if the corresponding data keeps to be not subject to disclosure.
Жабык маалыматтын мазмунун түзгөн маалыматтарды өз алдынча жана укук ченеминде алган адам ал маалыматты тиешелүү жабык маалыматтын ээсинин укуктарына көз карандысыз пайдаланууга укуктуу жана анын алдында мындай пайдалануу үчүн жооп бербейт. A person having independently and lawfully received data which constitute the content of the information not subject to disclosure shall be entitled to use these data regardless of rights of the possessor of the related information not subject to disclosu

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: