Меню
Эл-Сөздүк

БАСМА САЙМА

Ийне сайманын бир түрү. Мында чеберлер адаттагыдай жердиктин алдынан учук өткөрүшөт. Абалы башынан баштап белгилүү аралыкты (бир см. дей) аягына дейре бир сайып алат. Аны кайра башынан дагы үч-төрт жолу сайып тартат. Эми ортосунан эки курдай тигил сайылган жиптерди байлай саят. Сайма учуна жетип, жогорудагыдай сайылган жиптерди кайра байлай саят. Анын жогорудагыдай үч-төрт жолу жарыш сайып алууну кайрадан баштайт. Демек, басма саймада жарыш саюу жана байлай саюу менен атайын чийилген көркөм көчөттөрдүн жолу боюнча жогорудагыдай ыкма кайталана берилет.
      Басма сайма менен «кийим жапкыч», «терезе парда», «кровать жапкыч», «телевизор жапкыч», «газета салгыч», «радио жапкыч» жана ушул сыяктуу үйдүн жасалгасынын жүзүн ачуучу буюмдар сайылат. Басма саймасы менен көркөм көчөттүн ордуна көбүнчө гүлдөрдүн түрүн саюу жүзөгө ашып келген.
      Уз басма саймасын саюуга отурууда эрикпей улам жердигин карап кылдат саят. Мисалы, сайылып жаткан көчөттү толтуруп жатканда, ошол тапта байкабай жипти катуу тартып алса, сайылып жаткан кездеменин бырышып калышы мүмкүн. Ал эми сайым өтө эле бош ташталса, жиби чыгып калат. Ошондуктан, саймачы жипти катуу да, бош да тартпайт. Мында сайманы баштаганда кездемеге жиптен узунураак бир таякча алат да, түшүрүп жаткан көчөттүн көлөмүнө жараша белгилүү бир шартта кайрадан үстүнөн бастырып жүрүп отурат. Мына ушул көчөттүн ичин толтуруп бүтмөйүнчө ушул эле ыкманы кайталап кете берүү керек.
      Басма саймасынын да башка саймалардан бөтөнчөлөнгөн кооздугу бар. Ал жердикке бышык болуп түшөт. Жердик эскирип, жыртылып калганда да басма сайманын жиби ошол бойдон сакталып кала берет. Албетте, ар бир чебердин чыгармачылык «кыялдануусу» ар башкача сезилет. Бирок, кээ бир уздар көрүп сайганды жакшы көрүшөт. Жиптердин өңүн көк, ак, кызыл, кара жана жашыл менен ич ара жупташтырып берүүдө уздук мамиле керек.

Примеры переводов: БАСМА САЙМА

Кыргызский Русский
басма Распечатать
басма табак; Quire;
басма тамгасы; печатный знак;
басма-сөз өнүмдөрү печатная продукция как таковая
басма сөз өнүмдөрү турган турпатында; печатная продукция как таковая;
Топ бүт дүйнөдөгү басма сөз эркиндигин коргоп чыгууда. Группа выступает за свободу прессы во всем мире.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун басма сөз катчысы Пресс - секретарь Национального общества Красного Полумесяца КР
Сөз жана басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга жол берилбейт. Никакие законы, ограничивающие свободу слова и свободу прессы не может быть принят.
Графикалык материалдардын эки тиби тең басма сөздө да, телерадиодо да колдонула берет. Оба типа графики работать так же хорошо для трансляции, как они делают для печати.
кадыресе басма сөз маалыматынын мүнөзүнө ээ болгон күндөлүк жаңылыктар жөнүндө маалыматтар же күндөлүк окуялар жөнүндө билдирүүлөр; новости дня, доклады о текущих событиях, имеющих характер общей pressinformation;
Гутенбергдин басма машинасы пайда болгонго чейин эле, мамлекеттик башкаруу органдары акчага каршы ар кандай иш-аракеттерди жасап келишкен. Борьба правительствами против денег уже началась задолго до изобретения печатного станка Гутенбергом.
Ар бир адам өз ойпикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, ошондой эле бул ойпикирлерди жана ынанымдарды тоскоолдуксуз айтууга укуктуу. Каждый человек имеет право на свободу мысли, слова, а также, чтобы беспрепятственное выражение этих мыслей и убеждений.
Толук эмес цитаталар негизинен басма сөздө колдонулат да, айтылган сүйлөм абдан узун же мааниси бүдөмүк болгондуктан, цитата бир сөз же фраза түрүндө болот. Частичные котировки, используемые главным образом в печати, может быть только слово или фраза сказал спикер, которые используются, когда полная Приговор может быть запутанным или слишком долго.
Басма сөз жана интернет кабарларынан айырмаланып, үналгы жана телекөрсөтүү кабарлары линия түрүндө болот (мында аудитория маалымат алуу тартибин тандай албайт). В отличие печатном или онлайн-новости, трансляции новостей линейна - зрители не могут выбрать порядок, в котором они будут получать информацию.
b пунктчасын эсепке алуу менен ушул берене жайылтылган чыгармалар кайра чыгаруунун басма же ушуга окшогон формасында жарыкка чыгарылган чыгармалар менен чектелишет. С учетом подпункта (б) произведения, на которых эта статья применяется должно быть ограничено работ, опубликованных в печатной или аналогичной форме воспроизведения.
Басма сөздөгү кабардын аты окуянын мазмунун чагылдыруу менен бирге окурмандын көңүлүн буруп, ар түрдүү көлөмдөгү тамгалардын колдонулушу аркылуу ар бир кабардын салыштырма маанилүүлүгүн көрсөтүүгө жардам берет. Отпечаток заголовок кратко историю, привлекает внимание читателя, помогает организовать новости на печатной странице, и, благодаря использованию различных размеров типа, указывает на относительную важность каждой истории.
Билим берүү министрлиги болсо өзүнүн басма сөз кызматы аркылуу — ЖРТнын өзбек версиясын алып салуу Кыргызстандагы өзбек тилдүү жарандарынын укугун басмырлоо болот деп, ЖРТнын өзбек тилиндеги версиясын калтыраарын билдирүүдө. Министерство образования, в свою очередь, передается через его пресс-службу, что отмена узбекской версии теста будет представлять собой нарушение прав граждан узбекско-кыргызских.
Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө юридикалык жактардын мамлекеттик регистринде камтылган маалыматтар юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган органдар тарабынан расмий басма сөздө үзбөй жарыяланып турууга тийиш. Информация о хозяйственных товариществ и обществ, содержащихся в государственном реестре юридических лиц должны быть опубликованы на регулярной основе в официальной прессе агентств регистрации юридических лиц.
Сиздин продуктта, батарейкада, басма материалдарда, кутуда көрсөтүлгөн каршы-терши чийилген дөңгөлөктүү челек белгиси баардык электр жана электрондук продукттар, батарейкалар жана аккумуляторлор колдонуу убактысы бүткөндөн кийин өз өзүнчө чогултулушу кере Перечеркнутого мусорного контейнера на изделии, в батарее, литературы или упаковке означает, что все электрические и электронные изделия, батареи и аккумуляторы подлежат отдельной утилизации в конце их срока службы.
Ачык конкурс аны уюштуруучунун конкурска катышуу сунушу бардык каалоочуларга карата басма сөздө же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо менен жасалганда ачык болушу, же конкурска катышуу сунушу аны уюштуруучунун тандоосу боюнча белгилүү чөйрөдө Публичный конкурс может быть либо открытым, когда предложение организатора конкурса принять участие в конкурсе обращено ко всем желающим принять участие через прессу или другие средства массовой информации, или закрытым, когда предложение т

Примеры переводов: БАСМА САЙМА

Кыргызский Английский
басма print
басма табак; Quire;
басма тамгасы; a printed sign;
басма-сөз өнүмдөрү printed matter as such
басма сөз өнүмдөрү турган турпатында; printed matter as such;
Топ бүт дүйнөдөгү басма сөз эркиндигин коргоп чыгууда. The group advocates for freedom of the press worldwide.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун басма сөз катчысы Press - secretary of the National Red Crescent Society of the Kyrgyz Republic
Сөз жана басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга жол берилбейт. No laws restricting freedom of speech and freedom of the press may be adopted.
Графикалык материалдардын эки тиби тең басма сөздө да, телерадиодо да колдонула берет. Both types of graphics work just as well for broadcast as they do for print.
кадыресе басма сөз маалыматынын мүнөзүнө ээ болгон күндөлүк жаңылыктар жөнүндө маалыматтар же күндөлүк окуялар жөнүндө билдирүүлөр; news of the day, reports on current events having the nature of general pressinformation;
Гутенбергдин басма машинасы пайда болгонго чейин эле, мамлекеттик башкаруу органдары акчага каршы ар кандай иш-аракеттерди жасап келишкен. The fight by governments against money had begun already long before the invention of the printing press by Gutenberg.
Ар бир адам өз ойпикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, ошондой эле бул ойпикирлерди жана ынанымдарды тоскоолдуксуз айтууга укуктуу. Everyone has the right to freedom of thought, speech, as well as to unimpeded expression of these thoughts and beliefs.
Толук эмес цитаталар негизинен басма сөздө колдонулат да, айтылган сүйлөм абдан узун же мааниси бүдөмүк болгондуктан, цитата бир сөз же фраза түрүндө болот. Partial quotes, primarily used in print, can be just a word or a phrase the speaker said, which are used when the full sentence may be confusing or too long.
Басма сөз жана интернет кабарларынан айырмаланып, үналгы жана телекөрсөтүү кабарлары линия түрүндө болот (мында аудитория маалымат алуу тартибин тандай албайт). Unlike print or online news, broadcast news is linear — the audience can't choose the order in which they 'll receive the information.
b пунктчасын эсепке алуу менен ушул берене жайылтылган чыгармалар кайра чыгаруунун басма же ушуга окшогон формасында жарыкка чыгарылган чыгармалар менен чектелишет. Subject to subparagraph (b), the works to which this Article applies shall be limited to works published in printed or analogous forms of reproduction.
Басма сөздөгү кабардын аты окуянын мазмунун чагылдыруу менен бирге окурмандын көңүлүн буруп, ар түрдүү көлөмдөгү тамгалардын колдонулушу аркылуу ар бир кабардын салыштырма маанилүүлүгүн көрсөтүүгө жардам берет. A print headline summarizes the story, gets the reader's attention, helps to organize the news on the printed page, and, through the use of different sizes of type, indicates the relative importance of each story.
Билим берүү министрлиги болсо өзүнүн басма сөз кызматы аркылуу — ЖРТнын өзбек версиясын алып салуу Кыргызстандагы өзбек тилдүү жарандарынын укугун басмырлоо болот деп, ЖРТнын өзбек тилиндеги версиясын калтыраарын билдирүүдө. The Ministry of Education, in turn, transmitted through its news service that the abolition of the Uzbek version of the test would represent an infringement on the rights of Uzbek-Kyrgyz citizens.
Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө юридикалык жактардын мамлекеттик регистринде камтылган маалыматтар юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган органдар тарабынан расмий басма сөздө үзбөй жарыяланып турууга тийиш. Information on business partnerships and companies contained in the state registry of legal entities shall be published on a regular basis in the official press of the agencies registering legal entities.
Сиздин продуктта, батарейкада, басма материалдарда, кутуда көрсөтүлгөн каршы-терши чийилген дөңгөлөктүү челек белгиси баардык электр жана электрондук продукттар, батарейкалар жана аккумуляторлор колдонуу убактысы бүткөндөн кийин өз өзүнчө чогултулушу кере The crossed-out wheeled-bin symbol on your product, battery, literature, or packaging reminds you that all electrical and electronic products, batteries, and accumulators must be taken to separate collection at the end of their working life.
Ачык конкурс аны уюштуруучунун конкурска катышуу сунушу бардык каалоочуларга карата басма сөздө же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо менен жасалганда ачык болушу, же конкурска катышуу сунушу аны уюштуруучунун тандоосу боюнча белгилүү чөйрөдө A public competition may be either open, when the proposal of the organizer of the competition to participate in the competition is addressed to all those willing to participate through the press or other means of mass media, or closed when the proposal t

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: