Меню
Эл-Сөздүк

аалам

ар.
мир, вселенная;
ааламды басып шоораты фольк. слава о нём разнеслась по всему миру;
ааламга белгилүү всемирно известный;
он сегиз миң аалам фольк. вселенная (земля со всем населяющим её);
он сегиз миң аалам - көк өгүздүн жонунда стих. вселенная (держится) на хребте сивого быка (по старому народному представлению);
он сегиз миң ааламды камырдай тепсеп баскаңдай фольк. (у богатыря такой вид) будто всю вселенную может месить, как тесто;
бул бала ааламга татыйт этот паренёк мировой;
ааламдан ашкан см. аш- II 2.

ААЛАМ

ААЛАМ — бизди курчап турган түбөлүктүү жана чексиз кең дүйнө. «Аалам» менен «космос» деген сөз маанилеш. Асмандагы жылдыздардын бардыгы А-га кирет. Жер жана күн ошондой жылдыздардан. Күндүн айланасындагы жерден башка дагы 8 планета (Меркурий, Чолпон, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун, Плутон) жана миңдеген майда телолор (астероиддер жана кометалар) айланып жүрөт. Алар биригип Күн системасын түзөт. Анын диаметри 10 миллиард кмге жакын. Бул аралыкты жарык нуру 10 саатта өтөт (жарык нуру Күндөн Жерге 8 минутада жетет). Күн жана башкалар планеталар системасын кошо камтыган өтө чоң жылдыздар системасы галактика деп аталат. Биздин галактикага Күндөн башка 100 миллиардга жакын жылдыз кирет. Анын чеги 100 миң жарык жылына барабар жана андан тышкары башка галактикалар да бар экендиги белгилүү. Жарык нуру эң алыскы галактикалардан Жерге миллиарддаган жылдарда жетет. Бирок, бул да А-дын чеги эмес. Андан ары да мейкиндик болушу мүмкүн. Бардык асман жылдыздары өнүгүүнүн татаал жолун басып өтүшөт. Бирок, алар кандай гана өзгөрүүгө дуушарланса да, эмнелерден түзүлсө да баары бир жоголуп кетпейт. А. чексиз гана эмес, ошондой эле түбөлүктүү. «Манас» эпосунда А. термини көп колдонулуп эки мааниге ээ: 1) Жер жүзү, бардык эл; 2) бүткүл дүйнө, бизди курчап турган жаратылыш. Манас баатыр «Чоң казатта» жүрүп, чоролорунан айрылып, жалгыз калганда мындайча арман кылат:
Он сегиз миң ааламды,
Сындап турган кезимде.
Калдайган шаардын баарысын,
Камап турган кезимде,
Мында өлбөй не болдум (Саякбай Каралаев, 2. 225).

Бул жерде Манас «он сегиз миң ааламды» же бүт жер жүзүндөгү элди сурап турганы айтылып, байыркы кезде учу-кыйры жок жер бети А. катары сезилгенин кабарлап турат. Ал эми адамзатты курчаган дүйнөнүн жалпы турум-турпатын туюндурган А-дын тутумунда турган бөлүктөр Күн, Ай, Асман (Көк), Жер жөнүндөгү түшүнүктөрдүн төркүн-теги кыргыз элинин илгертен келе жаткан салттык ой-түшүнүгүнө байланышкан. Ал «дүйнө элесине», менталитетке, маданият категорияларына киргендиктен, ошол маданияттын, элдин өкүлдөрү ага атайылап маани бербейт, таасындап - дайындап кеп кылбайт, өзүнөн өзү түшүнүктүү, калайык-калкка маалым көрүнүш катары кабылдашат. Демек, эпосто ал кыйыр-көмүскө түрдө берилет. «Манас» эпосунда адам баласы көрүп-билген дүйнөнүн көп түрдүүлүгү, ар кылдыгы айтылат («Алтымыш миң ааламдан», «Жети кабат кара жер»). А-ды түзүп турган кубулуш-көрүнүштөр (Күн, Ай, Жылдыз, Көк, Жер, табияттын башка кубулуштары) өз ара байланышта туруп, белгилүү тартипте жайгашканы туюнтулат. Ар кандай космологияда дүйнөнүн төрт тарабы ажыратылат. Бул универсалит «Манаста» да кезигет:
Күн батышка бир карап,
Күн чыгышка бир карап,
Жолборсум турду ыңгырап.
Күн тарапка бир карап,
Түн тарапка бир карап,
Жолборсум турду күркүрөп.
Төрт тараптан айбанат
Төгүлүп кирди дүркүрөп (Сагымбай Орозбаков, 2. 279280).

Эпосто көк, асман байыркы түрк мифологиясынын каада-салтына ылайык Теңир-кудай катары да белгиленет. Жоого каршы «Көк Теңирим колдо деп» аттанышат. Ошондой эле Манаска карата «үстүңкү Көк Теңирдей» деген салыштыруу колдонулат. Манастын өзү да: «Асман менен жериңдин Тирөөсүнөн бүткөндөй, Айың менен күнүңдүн, Бир өзүнөн бүткөндөй» (Сагымбай Орозбаков, 2. 248) мүнөздөлөт. Мында биринчиден, бир учу жерге такалып, бир учу асман тиреген нерсе жөнүндөгү түшүнүк турат, экинчиден, Манастын Көк Теңирге окшош, тектеш экени туюнтулат. А. тууралуу ой-түшүнүк «Манас» эпосунда кадимки реалисттик жана мифологиялык мүнөздө колдонулат. Ошондой эле ай-жылдарга байланыштуу астрологиялык («жылдызы түшүп», «жылдызы оң экен», «Атка каршы ай экен, Эрге каршы жыл экен» — дейт далычы Таргыл таз), же табият кубулуштарына байланыштуу магиялык (эпостогу жайчылардын иш-аракети) маани-мазмундар кезигет. Дүйнөлүк мифологиянын универсалийлеринин бири А-дын, мейкиндин үч катмары тууралуу ой-түшүнүк: «Жогорку дүйнө», «ортоңку дүйнө», «жер алды дүйнө». Бул эпосто Манастын үстүнөн уча коштогон алп кара куш, капталдай жандаган көсөө куйрук көк бөрү, артынан ээрчиген ажыдаар (жылан) аркылуу берилет. А-дын турум-турпатын тартууда экилтик (бинарчыл) жол-жобо колдонулат. Дүйнөнүн түзүлүшүндө, табият кубулушунда «оң» менен «сол» ажыратылат. Эпосто «Шымал жагын сол деген, Жануп жагын оң деген», — деп баяндалат. Парсыча «шымал»— «түндүк», «жануп» — «түштүк» болот. Ушу сыяктуу эле Күн менен Ай, Жер менен Көк, тоо менен суу, түн менен күн карама-каршы коюлуп, кошмок мүнөздө сыпатталат. Эпосто жер жөнүндө маалымат бир кыйла. Эгер жерди А-дын бир бөлүгү катары карасак, анда ага байланыштуу мүнөздөмөлөр алда канча акылга сыярлык көрүнүш: «Жеткен жан келер жөргөлөп, Жердин өзү дөңгөлөк»; «Толгонуп дүйнө жүзүнө, Тогуз айда жетиптир». Албетте, эпос түзүлө баштаган маалда эле кыргыздар жердин тоголок экенин билишкен деш кыйын. Ошол эле учурда муну жокко чыгаруу да натуура. «Манаста» А. «бардык эл», «жумурай журт» деген мааниде да колдонулат («Ааламга болдук тамаша», «Ааламга жеткен даңкым бар»). Демек, коом мейкиндигине космологиялык элес менен туташ карашат. А. түшүнүгү эпосто көркөм апыртма каражаты, мифтик-поэтикалык элесте да кезигет. Маселен, Чыйырды байбиче көргөн түшүн баян этип: «Ажыдаар болуптур, Ачууланып оп тартса, Ай-ааламды соруптур» (Сагымбай Орозбаков, 1.23)— дейт. Кыргыздар мусулман динин кабыл алышы менен бирге анын догмаларына ылайыкташкан А. жөнүндө түшүнүктөр да «Манаска» кире баштаган. Мисалы, Алмамбетти мусулман динине кирүүгө үндөгөн Көкчө А. жөнүндө төмөндөгүдөй баяндайт:
Астыңдагы жер деди, Жер көтөргөн жел деди, Жел экен деп тим болбой Жеткирип ойло сен деди. Жеке кудай өзү деп Кудайдан биле бер деди. Үстүндөгү көк деди. Көк бирөө деп ойлобо, Катар-катар көп деди. Арша-күршү жайлар бар, Төртүнчү кабат асманда Күнүң менен айлар бар, Асмандагы жылдызды Адам болжоор неме эмес, Ар бир жылдыз ай, күндөн Чоңдугу да кем эмес, Жетинчи кабат асмандан Жетип тур, көрдүң жарыгын Жеке жалгыз Алданын Аңдап билгин бардыгын (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1972-инв., 185-б.).
Мына ошентип А-ды таанып-билүүгө, ал жөнүндө билимдерди топтоодо жана күндөлүк турмуш процессинин жүрүшүндө кыргыздар тиричиликке, жоокерчиликке байланыштуу толуп жаткан түшүнүктөрдү иштеп чыккандыгы белгилүү.
З. Бейшеев. Ж. Бөкөшев


аалам

universe [‘йуунивөөс];
world [уөөлд]

Аалам

[аalam]
âlem, kâinat, evren, uzay

аалам

аалам
ааламдан ашкан
ааламды бузуу
ааламдын модели
ааламдын тең салмактуулугу

аалам

зат. 1. Дүйнө, дүйнө жүзү, жер жүзү. Ааламга биздин шаңыбыз Угулуп жатат дүңгүрөп (Осмонкул). Чарк айланып ааламды Издегени эп экен («Семетей»).
2. Асман мейкиндиги. СССР ааламды үйрөнүп билүү ишинде башка өлкөлөрдүн алдында баратат («Коммунист»). Адамдар эзелден бери ааламга учуп чыгууну эңсешкен эле («Советтик Кыргызстан»).
Он сегиз миң аалам — жан-жаныбарлары, өсүмдүктөрү менен бирге бүт дүйнө. Ала-Тоо батыш менен чыгышыңа Тургандай он сегиз миң аалам сыйып (Осмонкул).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоаалам
Множ. числоааламдар
Синонимы
дүнүйө
дүйнө
Склонение по падежам - "аалам"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?аалам
Родительный Чей?ааламдын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?ааламга
Винительный Кого?, Что?ааламды
Местный Где?, У кого?ааламда
Исходный Где?, У кого?ааламдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?ааламдар
Родительный Чьи?ааламдардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?ааламдарга
Винительный Кого?, Что?ааламдарды
Местный Где?, У кого?ааламдарда
Исходный Откуда?, От кого?ааламдардан

Примеры переводов: Аалам

Кыргызский Русский
Аалам вселенная
Аалам деңгээлинде ой жүгүртүп – жергиликтүү деңгээлде иш кыл! Мысли глобально - действуй локально!
Ак Жол, Аалам жана Асаба партиялары тизменин алгачкы бешөөнө экиден аял талапкерликке койгон "Ак Жол", "Aalam" и "Асаба" партии выдвинули две женщины в первой пятерке на своих списках.
Аалам партиясынан талапкер-аял «аялдарды керектөөлүүчү санга жетиш үчүн гана кошушкан» деген. Женщина-кандидат от партии "Аалам" сказал: "женщины были только приглашенные выполнить необходимые цифры."
Аалам Жахабанын кубаттуу энергиянын жана чексиз күчтүн булагы экенинен да кабар берип турат (Ыш. 40:26). Вселенная также дает доказательство того, что Господь является источником динамической энергии и неисчерпаемой энергии. (Ис. 40:26)
Аалам партиясында - алгачкы бешөө гана, ал эми Туран партиясында алгачкы ону каржылык мүчө акысын төлөдү. В партии "Аалам" только первые пять кандидатов должен был сделать финансовую компенсацию, а в партии "Туран" только первые десять заплатил.
Айрым «идеологиялык» маани жана ар түрдүүлүк Туран жана Аалам партияларынын фотосүрөттөрү көрсөтүп турду. На фотографиях в и партий "Aalam" "Туран" были разные в некоторых «идеологического» аспектах.
Аалам партиясынын лидерлеринин бири айткандай: «Аялдар - бул жакшы, бирок алар да акча төлөөгө тийиш, антпесе партия шайлоого катышууга каражатты кайдан алат». В качестве одного из лидеров партии "Аалам" сказал: "Женщины - это хорошо, но они также должны платить деньги, в противном случае, где будет партия получить средства, чтобы принять участие в выборах?"
Мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Бишкекте жана Чүй облусунун райондорунда жашаган Аалам, Туран, КСДП, Ар Намыс, Эл добушу сыяктуу партиялар үчүн региондогу белгилүү инсандар тизмени түзүүдө маанилүү роль ойноду. Для лиц, таких как "Аалам", "Туран", "СДПК», «Ар-Намыс» и «Эль Dobushu", большинство членов которого живут в Бишкеке и районах Чуйской области, основной показатель, который играет важную роль в составлении их списков, было популярность в регионе
Булар, биринчи кезекте, 2007-жылы шайлоо алдында түзүлгөн Ак Жол жана Аалам, ошондой эле, бир аз мурда түзүлүп, бирок партиялык түзүлүшү боюнча анча байкалбаган Туран (2004-жыл) жана Эл добушу (2002-жыл) сыяктуу партиялар. Это были прежде всего партии, созданные незадолго до выборов 2007 года, такие как "Ак-Жол" и "Аалам", а также лицам, которые были созданы чуть раньше, но не конкретно разработаны, например, «Туран» (создана в 2004 году ) и "Эль Dobushu" (20
Аалам партиясынын лидери муну өз партиясы партиясыздардын партиясы болуп саналуу менен, эч ким тарабынан жана эч кайда «чакырылбаган», бийликке көз карандысыз жана башка партияларда турбаган адамдарга таяна тургандыгы менен түшүндүрөт. Лидер партии "Аалам" связывает это с тем, что их партия, будучи партией беспартийных, опирается на людей, которые никогда не были ", занимающихся" никем нигде, которые не зависят от властей и которые имеют не были членами уплотнительные
Аалам партиясыздар партиясынын аял-талапкерлердин тизмесине көп убактылуу иштебегендерди (11%) тартуу менен (партиядагылар) аялдардын көп добушун алууну көздөгөн партия лидери: «ушундай эле карапайым аялдар карапайым талапкерлер жөнүндө окуп, алар үчүн до Лидер партии "Аалам" - это партия беспартийных пояснил довольно большой процент (11%) временно не работает кандидатов-женщин в их списке тем, что через это они хотели привлечь женщин голосов, "Так что обычные женщины,
Көпчүлүк партиялар «бир ок менен дароо үч коенду атууга» аракет кылды: аз улуттардын өкүлү, өз районунда көп добуш топтоого кудуреттүү жаш аял-талапкерлер тандалды, мисалы, Жалал-Абаддан өзбек Султанходжаева Танабар Аалам партиясынын тизмесинде төртүнчү, Многие партии пытались "убить трех зайцев одним выстрелом": Они выбрали молодых женщин-кандидатов, представляющих этнические меньшинства, способные собирать голоса от своего региона, как например, Sultanhojoeva Tanabar, узбек из Джалал-Абад, который был ч

Примеры переводов: Аалам

Кыргызский Английский
Аалам Universe
Аалам деңгээлинде ой жүгүртүп – жергиликтүү деңгээлде иш кыл! Think global – act local!
Ак Жол, Аалам жана Асаба партиялары тизменин алгачкы бешөөнө экиден аял талапкерликке койгон The "Ak-Jol", "Aalam" and "Asaba" parties nominated two women in the first five on their lists.
Аалам партиясынан талапкер-аял «аялдарды керектөөлүүчү санга жетиш үчүн гана кошушкан» деген. A woman-candidate from the "Aalam" party said: "women were only invited to meet the necessary numbers."
Аалам Жахабанын кубаттуу энергиянын жана чексиз күчтүн булагы экенинен да кабар берип турат (Ыш. 40:26). The universe also gives proof that Jehovah is the Source of dynamic energy and inexhaustible power. (Isa. 40:26)
Аалам партиясында - алгачкы бешөө гана, ал эми Туран партиясында алгачкы ону каржылык мүчө акысын төлөдү. In the "Aalam" party only the first five candidates had to make a financial payment, and in the "Turan" party only the first ten paid.
Айрым «идеологиялык» маани жана ар түрдүүлүк Туран жана Аалам партияларынын фотосүрөттөрү көрсөтүп турду. The photographs of the "Turan" and "Aalam" parties were different in some 'ideological' aspects.
Аалам партиясынын лидерлеринин бири айткандай: «Аялдар - бул жакшы, бирок алар да акча төлөөгө тийиш, антпесе партия шайлоого катышууга каражатты кайдан алат». As one of the leaders of the "Aalam" party said: "Women - it is good, but they should also pay money, otherwise where will the party get the funds to take part in the elections?"
Мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Бишкекте жана Чүй облусунун райондорунда жашаган Аалам, Туран, КСДП, Ар Намыс, Эл добушу сыяктуу партиялар үчүн региондогу белгилүү инсандар тизмени түзүүдө маанилүү роль ойноду. For parties such as "Aalam", "Turan", "KSDP", "Ar Namys" and "El Dobushu", the majority of whose members live in Bishkek and areas of the Chui oblast, the main indicator, which played an important role in drawing up their lists, was popularity in a region
Булар, биринчи кезекте, 2007-жылы шайлоо алдында түзүлгөн Ак Жол жана Аалам, ошондой эле, бир аз мурда түзүлүп, бирок партиялык түзүлүшү боюнча анча байкалбаган Туран (2004-жыл) жана Эл добушу (2002-жыл) сыяктуу партиялар. These were primarily the parties established just before the 2007 elections, such as "Ak-Jol" and "Aalam" as well as parties, which were created a little earlier, but had not concretely developed, such as "Turan" (established in 2004) and "El Dobushu" (20
Аалам партиясынын лидери муну өз партиясы партиясыздардын партиясы болуп саналуу менен, эч ким тарабынан жана эч кайда «чакырылбаган», бийликке көз карандысыз жана башка партияларда турбаган адамдарга таяна тургандыгы менен түшүндүрөт. The leader of the "Aalam" party attributes this to the fact that their party, being a party of non-party members, relies on people, who have never been "engaged" by anybody anywhere, who are independent of the authorities and who have never been members o
Аалам партиясыздар партиясынын аял-талапкерлердин тизмесине көп убактылуу иштебегендерди (11%) тартуу менен (партиядагылар) аялдардын көп добушун алууну көздөгөн партия лидери: «ушундай эле карапайым аялдар карапайым талапкерлер жөнүндө окуп, алар үчүн до The leader of the "Aalam" party - a party of non-party members explained the rather large percentage (11%) of temporarily not working candidates-women on their list by the fact that through this they wanted to attract women votes, "So that ordinary women,
Көпчүлүк партиялар «бир ок менен дароо үч коенду атууга» аракет кылды: аз улуттардын өкүлү, өз районунда көп добуш топтоого кудуреттүү жаш аял-талапкерлер тандалды, мисалы, Жалал-Абаддан өзбек Султанходжаева Танабар Аалам партиясынын тизмесинде төртүнчү, Many parties tried "to kill three birds with one stone": They selected young women-candidates representing ethnic minorities, capable to collecting votes from their region like for example, Sultanhojoeva Tanabar, an Uzbek from Jalal Abad, who was fourth o

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: