Меню
Эл-Сөздүк

АСЫЛДЫК ПРОБЛЕМАСЫ

«АСЫЛДЫК ПРОБЛЕМАСЫ» — А. Медетбековдун «Манас» эпосуна арналган макалалар жыйнагы (Фр., 1978). 104 бет. Жыйнакка «Манас» эпосундагы асыл көрүнүштөр жана искусствонун тигил же бул проблемалары жөнүндө ар кайсы жылдарда газета-журналдарга жарыяланган макалалар («Улуу чыгарма», ««Манас» эпосундагы асыл көрүнүштөр», «Манасчы жөнүндө баян», «Поэзиянын спецификасы», «Эстетикалык сезим жагдайында») топтолгон. Автор «Манас» эпосун дүйнөлүк улуу эпосторго салыштырып изилдеп, анын эстетикалык кудурети дүйнөлүк поэзиянын улуу чыгармаларынын деңгээлинде турарын белгилеген; каармандын асылдык сапаттарына кеңири токтолуп, белгилүү манасчылардын айтуучулук касиеттерин изилдөөгө, поэтикалык өзгөчөлүгүн ачып берүүгө аракеттенген.

Примеры переводов: АСЫЛДЫК ПРОБЛЕМАСЫ

Кыргызский Русский
Мындан жүз жыл мурун улуу африка- америкалык окумуштуу Ду Бойс кылымдын проблемасы теринин түсү жаатында боло тургандыгын айткан. Сто лет назад великий афроамериканский ученый Дюбуа предупреждал, что проблемой века станет расовая граница.

Примеры переводов: АСЫЛДЫК ПРОБЛЕМАСЫ

Кыргызский Английский
Мындан жүз жыл мурун улуу африка- америкалык окумуштуу Ду Бойс кылымдын проблемасы теринин түсү жаатында боло тургандыгын айткан. One hundred years ago, the great African- American scholar W.E.B. Du Bois warned that the problem of the century would be the color line.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: