Меню
Эл-Сөздүк

АЛА-АЙГЫР

АЛА-АЙГЫР — кытай-калмак балбаны Канжарколдун жоого минген аты. Эпосто:
Астыңдагы Ала айгыр,
Жаман күлүк ал айгыр.
Жайып ийсем оозунан
Куштай учуп кетет — деп,
Кутургурду карасаң
Кум салынып алыптыр (Саякбай Каралаев, 1. 65),

— деп гиперболалык ыкма аркылуу А.-А-дын эпикалык портрети тартылып, жоокерчилик доордун талабына ылайык күлүктүгү, тулпарлык касиетинин күчтүүлүгү, арыбас-чаалыкпастыгы мүнөздөлөт.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: