-
ЧӨЙЧӨК
-
Жыгач идиш. Көлөмү кичине, сыйымдуулугу аз болот да, ал арча, кайың, карагай, тал, өрүк, жаңгак, ак чечек, алча жыгачтардан чабылса «чапма чөйчөк», кырылса «кырма чөйчөк» деп аталат. Ышталуу жана урунуу аркылуу ал акыры кара чөйчөк болуп калат. Мында чеберлер жыгачын кыйып келишип, дароо чабат да, мээлүүн жайда кургатат. Кырма чөйчөк да кырма табактай, аяктай тепме дүкөнгө коюлуп жасалат. Ал жарылып кетпеси үчүн берки идиштердей каймак май менен ичи-сырты шыбалат. Жалынга тосулуп алынат. Чөйчөк — жаш балдарга энчиленген, чай чыны менен иштеш идиш.
Найдены по другим направлениям
-
чөйчөк
-
зат. 1. Көбүнчө жыгачтан жасалган аяктан кичирээк идиш, кичинекей аяк. Айымбүбү сыр чөйчөккө ачкыл куюп келип, Жапарга сунду (Баялинов).
2. Гүлдөрдүн жана гүлдүн уругунун сыртынан каптап туруучу кабыкча. Мемиреген эчен түркүн гүлдөр күн нурун чөйчөгүнө шимирип тосот («Ала-Тоо»).
3. Абдан семиргенде көбүнчө жылкынын соору ченинде пайда болуучу тегерек оюкча. Аттын чөйчөгү. Чөйчөк алып семирген ат.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | чөйчөк |
Көптүк сан | чөйчөктөр |
Жөндөлүшү - "чөйчөк"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | чөйчөк |
Илик Кимдин? Эмненин? | чөйчөктүн |
Барыш Кимге? Эмнеге? | чөйчөккө |
Табыш Кимди? Эмнени? | чөйчөктү |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | чөйчөктө |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | чөйчөктөн |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | чөйчөктөр |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | чөйчөктөрдүн |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | чөйчөктөргө |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | чөйчөктөрдү |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | чөйчөктөрдө |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | чөйчөктөрдөн |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
чөйчөк