Меню
Эл-Сөздүк

УУК

«Ууктарын нылдаган, Каалга менен босого, Канча түрдөп сырдаган» («Манас») уук жыгачы түндүк менен керегени бириктирет. Орточо алганда ууктун алаканынын (билеги) керегеге байлануучу жагынын узундугу 45—55—47—57 см, эни 2—35, 2,2—36 мм келет. Анын аягында көзөнөкчөсүндө «уук боосу» болот. Уук керегеге ошону менен байланып бекийт. Уук учу 2,2—2,5 см төрт кыр учталат. Ууктун жалпы узундугу орточо 2,5—3 метрдей келет. Боз үйдүн башкы босогосунан (босого жыгачтан) үстүнө төрт кыска эшик уук сайылат. Керегенин жайылышы аркылуу боз үйдүн көлөмү менен көркү аныкталат.
      Уук ийүүдө да чен бирдиктери так сакталат. Эгер 75 баштуу үй болсо ууктун узундугу үч метр, 65 баштуусунуку 2,8 метр, 55 баштуунуку, 2,6 метр болот. Мында ууктардын жоон-ичкелиги бирдей келет. Анын түп жагынын жоондугу — 16 см ге, баш жагы 8 см ге барабар. Ууктун алаканынын жазылыгы төрт см, узундугу 70 см, ошондо алаканга сегиз сай чыгат. Ууктун башынан уук жип байлоочу тешигине чейин сегиз-он см болот да, уук учунаЭО0 кыйгач кесип, керегенин сырткы капталына-билегине такалат. Ал канат чийди тиреп жыртпайт, уук ылдый кетпейт.
      Илгери уукту билегине карата чуңкур казып, ошого коюп, үстүнө таш бастыруучу. Керегелик жыгачты да жерге казып жөлөөчү. Ал көптө барып кургаган. Кургагандан кийин аны бирден алып, кыргыга койгон. (Ат-Башыда ченөөчү жыгачты «бакшы жыгач» — дейт. Ошо менен өлчөп, кереге көктөлөт. Көктөн чыкканда бир аз карайып калган жыгач тарткы аркылуу агартылат.)

уук

уук (боз үйдүн), уугу,
уукка
уук боо

уук-

уук- (уулануу), уугуп,
ууккан
уук учтук

уук

I зат. Боз үйдүн түндүгү менен керегесин бириктирүүчү, түндүккө бириге турган жагы учтуу, керегеге бириге турган жагы бир аз ичин көздөй ийилип, жалпак келген, боолуу, узун жыгач. Талдан жасалган уук (Жантөшев). Асан карыянын үйүнүн ууктары сыртынан саналат (Аалы).
УУК II этиш. 1. Уулануу. Бардыгы уугуп калгансып жымжырт (Жантөшев).
2. өт. Жаны күйүү, жанына батуу. Бөтөнчө акыркы сөздү укканда Шарип уугуп кетти (Бейшеналиев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сануук
Көптүк санууктар
Жөндөлүшү - "уук"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?уук
Илик Кимдин? Эмненин?ууктун
Барыш Кимге? Эмнеге?уукка
Табыш Кимди? Эмнени?уукту
Жатыш Кимде? Эмнеде?уукта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?ууктан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?ууктар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?ууктардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?ууктарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?ууктарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?ууктарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?ууктардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: