Найдены по другим направлениям
-
көбүк
-
зат. Суюк заттардын бетине кайнаганда, чайкалганда же ачыганда көбүрүп чыгуучу масса. Бозонун көбүгү. Сүттүн көбүгү. Көбүгүн асманга бүркүп Көкө-Мерен атырылып жатат (Бейшеналиев).
¨ Көбүк кар — жаңы жааган, катпаган көпшөк кар. Жаап каткан көбүк кар анын.. сакалына жабышты (Байтемиров). Чий көбүк — жаңы эттин биринчи кайнаганында чыккан көбүгү, иткел. Кубат шашкалактап, чөмүч менен эттин чий көбүгүн алып жатты (Жантөшев).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | көбүк |
Көптүк сан | көбүктөр |
Жөндөлүшү - "көбүк"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | көбүк |
Илик Кимдин? Эмненин? | көбүктүн |
Барыш Кимге? Эмнеге? | көбүккө |
Табыш Кимди? Эмнени? | көбүктү |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | көбүктө |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | көбүктөн |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | көбүктөр |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | көбүктөрдүн |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | көбүктөргө |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | көбүктөрдү |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | көбүктөрдө |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | көбүктөрдөн |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
көбүк