Меню
Эл-Сөздүк

АСЕМ

«Укмуштай асем болгонсуп, Асмандан жылдыз төгүлдү» (К. Жантөшев) элдик кол өнөрчүлүктө кооз жасалга, керемет көркөм көрүнүш. Аруу колдон жаралган V буюм-тайымдардын бир бүтүмү. Ал көбүнчө көркөм оюм жана көчөттөр аркылуу бүткөн нускаларга карата айтылат. Боз үйдүн ички-сырткы көрүнүшү, ат жасалгалары, кыз-келиндердин зер буюмдары, элдик кийим-кечектердин мыкты үлгүлөрү өз-өз орду менен пайдаланыла турган учуру асем болуп саналат.

асем

зат. Жасалга, көрк, кооздук. Ачылды көшөгөсү чоң бөлмөнүн, Асемге ичиндеги маашыркандык (Маликов). Укмуштуу асем болгонсуп, Асманга жылдыз төгүлдү (Жантөшев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: