-
Табылга
-
ТАБЫЛГА – кимдир-бирөө жоготкон буюмду таап алуу. Таап алган адам (жарандык мыйзамдар боюнча) анын ээси болуп калбайт. Ал таап алары менен, ал тууралуу буюмду жоготуп ийген адамды, же анын ээсин, болбосо ал буюмду алууга акысы бар жана аны тиги адамга кайтарып берүүчү өзүнө белгилүү адамды токтоосуз кабарландыруусу тийиш. Эгер буюм жайдын ичинде же унаада табылса, ал жайдын (унаа каражатынын) ээсимин деген адамга өткөрүп берилүүгө жатат. Табылга өткөрүлүп берилген адам буюмду таап алган адамдын укугуна ээ болот жана жоопкерчилигин тартат. Эгер табылган буюмду кайтарып берүүнү талап кылууга акылуу адам, же анын турган жери белгисиз болсо, буюмду таап алуучу Т. тууралуу милицияга же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына билдирүүгө милдеттүү. Таап алган адам Т. өзүндө сактоого, болбосо милицияга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына өткөрүүгө акылуу. Буюмду таап алуучу аны атайылап же одоно абайсыздыктан жоготуп ийсе, буюмдун баасынын чегинде жоопкерчилик тартат. Эгер милицияга же өзалдынча башкаруу органына табылга тууралуу билдирилгенден кийин үч айдын аралыгында жоголгон буюмду алууга акылуу ээси аныкталбаса, же таап алуучуга, болбосо ички иштер органына же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына өз укугу тууралуу билдирип, эчким кайрылбаса, анда таап алуучу ага ээ болуп калат. Эгер буюмду таап алуучу таап алган буюмга ээ болуудан баш тартса, ал коммуналдык муниципалдык менчикке өтөт.
Найдены по другим направлениям
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | табылга |
Көптүк сан | табылгалар |
Синонимдери |
---|
олжо |
Байланыштуу сөздөр |
---|
табыл |
табылгалуу |
Жөндөлүшү - "табылга"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | табылга |
Илик Кимдин? Эмненин? | табылганын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | табылгага |
Табыш Кимди? Эмнени? | табылганы |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | табылгада |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | табылгадан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | табылгалар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | табылгалардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | табылгаларга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | табылгаларды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | табылгаларда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | табылгалардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Табылга