Меню
Эл-Сөздүк

Слип

СЛИП (англ. slip – дүмүрчөк) – 1) кайра камсыздандыруучу тарабынан мүмкүн болуучу кайра камсыздандыруучуларга жиберилүүчү документ – сунуш, анда адатта төмөндөгүлөр камтылат: берүүчү компаниянын аталышы (цедент), кайра камсыздандыруучу тобокелчиликке мүнөздөмө, кайра камсыздандыруу суммасы, камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруунун шарттары сыйакынын өлчөмү, цедент өзүндө кармаган кошунду. Эгер камсыздандыруучу тобокелчиликти кабыл алууга макул болсо, ал С-ке өзүнүн жоопкерчилигинин үлүшүн же суммасын, датаны жана ысымын киргизет. С. юридикалык күчкө ээ эмес, бирок кийин бүтүмдү жолжоболоодо кайра камсыздандыруучу аны түзгөн убакыттын далили катары кызмат кылышы мүмкүн; 2) кошумча маалыматтар камтылган, сатылган баалуу кагазга тиркелүүчү документ; 3) импринттерде түзүлүүчү слип (карт-чек). Эгер соода түйүнүндө импринтер орнотулган болсо, аткарымдардын жасалуу фактысы ушул аткарымдардын суммасындагы С-тин (карт-чектин) 3 нускасы менен ырасталууга тийиш. С-тин биринчи нускасы карттын ээсинин жана соода түйүнүнүн өкүлүнүн колу коюлуп, эквайерге берилет, экинчиси соода түйүнүндө калат, үчүнчүсү – карттын ээсине берилет.

Слип

Картты пайдалануу менен операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган кагаз түрүндөгү документ. Слип соода тейлөө ишканасында орнотулган импринтердин жардамы менен карттын рельефттик реквизиттеринин оттискасын, ошондой эле карт ээсинин жана ошол ишкананын кассиринин кол тамгаларын камтыйт. Ал эми добуштук авторизациялоо учурунда слип телефон аркылуу алынган авторизациялык кодду камтууга тийиш.



Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: