Меню
Эл-Сөздүк

Секвестр

СЕКВЕСТР (лат. sequestro – тышкары койом, бөлөм) – 1) жарандык укуктагы талаш буюмзаты болуп саналган буюмдарды сактоо. КР жарандык мыйзамдарына ылайык, буюмга карата укук талашы чыккан эки же андан көп жактардын С. жөнүндөгү келишим боюнча сот чечими же талашып жаткан жактардын өзара макулдашуусу (келишим С-ри) аркылуу алардын бирине өткөрүп берүү милдеттенмесин алган үчүнчү бир жакка тапшырылат. 2 же андан көп жактын ортосунда талаш туудурган буюм сот чечими боюнча С. тартибинде сактоого берилиши мүмкүн. Эгер С. белгиленген келишимде же сот чечиминде башкача каралбаса, С. тартибинде буюмду сактай турган жак талашып жаткан жактардын эсебинен сыйакы алууга акылуу; 2) бюджеттик укуктагы бюджетти аткарууда белгиленген бюджет таңсыктыгы жогорулатылган, болбосо киреше булактарынан түшүүлөр кыскарып, анын натыйжасында бюджетте каралган ишчараларды каржылоого мүмкүн болбой калган учурларда киргизилүүчү атайын механизм. С. механизми учурдагы каржы жылынын калган мезгилинин аралыгында баардык бюджет статьялары боюнча ай сайын мамлекеттик чыгымдарды 5, 10 пайызга теңдештик төмөндөтүү менен белгиленет.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: