Меню
Эл-Сөздүк

КАҢГЫ

КАҢГЫ — этноним. Кыргыздардын ичкилик бөлүгүнүн негизги урууларынын бири. Бакайдын атасы Бай Жакыпка жолуккандан кийинки окуяларда төмөндөгүдөй айтылат:
Жаңыдан келген тууганы,
Бай Жакыпты мааналап
Бир жыл болгон турганы,
Алты, бештен түтүнү,
Каңгы деген калк эле.
Каңгылардын ичинде
Чегиш деген алп эле (Сагымбай Орозбаков, 1. 191).

К. (орусча — канглы, казакча — каңлы — И. М.) тарыхта белгилүү этноним. 11—12-кылымда Хорезм менен Волганын аралыгында огуздар менен 11-кылымда Иртыш аймагынан Орто Азияга келген кыпчактардын аралашмасынан түзүлгөн уруу бирикмеси. Алар көбүнчө көчмөн жана кол өнөрчүлүк турмушта жашашкан. К-лар орто кылымдарда Орто Азия мамлекеттеринде белгилүү роль ойногон. Алардын айрым бөлүктөрү 13-кылымда Ысык-Көлгө да оошуп келгени белгилүү. Бирок, моңголдор аларды таптакыр алсыздандырып ташташкан. Кийинки мезгилдерде К-лар кыргыз, өзбек, казак, каракалпак жана башкырт элдеринин курамына сиңип кеткен. «Манас» эпосу ушул тарыхый чындыкты жалпылаштырып көркөм чагылдырганын айтууга болот.
И. Молдобаев

каңгы

этиш. 1. Тентүү, бет алган жакка кете берүү. Уруу байлары жай күндөрүндө кайда көчсө, «байкуштары» аларды ээрчип, артынан каңгып жүрө берүүгө аргасыз болушкан (Убукеев).
2. өт. Башы катуу, эмне кылаарын билбей калуу. Эки жол айры болсо, иттин башы каңгы болот (макал). Байкап турган маңгулу, Башы жаман каңгыды («Манас»).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокаңгы
Множ. числокаңгылар
Связанные слова
адашуу
каңгыроо
каңгуу
Склонение по падежам - "каңгы"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?каңгы
Родительный Чей?каңгынын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?каңгыга
Винительный Кого?, Что?каңгыны
Местный Где?, У кого?каңгыда
Исходный Где?, У кого?каңгыдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?каңгылар
Родительный Чьи?каңгылардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?каңгыларга
Винительный Кого?, Что?каңгыларды
Местный Где?, У кого?каңгыларда
Исходный Откуда?, От кого?каңгылардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: