Меню
Эл-Сөздүк

КАРА-КУЛЖА

КАРА-КУЛЖА — топоним. Эпосто сай, жер жана тоонун аты катары айтылат: «Айдап жылкы сугартып Кара-Кулжа сайына» (Сагымбай Орозбаков, 2. 163); «Адам калбай келсин деп, Кошунуна чакырды Кара-Кулжа, Тарынан, Көкүрөк, Көк-Арт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 206) деген саптардан көрүнгөндөй К.-К. Алтайдан көчүп келген Манастын эли жашап турган жер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында К. -К-нын элдик этимологиясы мындайча чечмеленет:
Кароолдуктун тоосунан
Карыя Бакай абасы
Көмүрдөй кара Кулжадан,
Көбүн атып салыптыр.
Акыр заман журтуна
Кара-Кулжа атагы
Так ошого калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 170)...
Капкара болгон Кулжадан
Элүү төртүн атышып...
Баатырлар жолго салыптыр,
Кара-Кулжа атакка
Жер атагы калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 288).

Географиялык реалияда К.-К. азыркы Ош обл-нын түндүк-чыгышында жайгашкан аты уйкаш дарыя жана анын чөлкөмү.
С. Алиев


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: