Меню
Эл-Сөздүк

КАП

«Кара каптын кагынчык, Аңдыгандын жаны чык» (Элдик ооз еки адабияттан). Бул — таар буюму. Мунун жердиги жүндөн болуп, идиштик милдет аткарат. Эндүү курулган өрмөктүн эриши ак менен кара жиптен эле күзүктөлүп, аркак салынган да жөнөкөй согулган. Мындан кара ала кап пайда болгон. Идиш төрт чарчылана бычылып, жээктери кыюуланат. Каптын ооз жагынын эки жагына өрмөктүн эриш жибинин калдыгынан өрүлүп же эшилип жасалган эки кулакчыны тагылат. Мунун бирөөнө чыйрак чыйратылган буугуч жип байланат.
      Каптын чаканын дорбо деп атайт. Ал ат үстүнө өңөрүүгө, атка жая же арта салууга ылайыктуу.
      Буюмдун өтө ичтүүсүн зумбол деп атайт. Ал эгинди төөгө жана башка күч унаага теңдеп жүктөөгө оңтойлошкон.

КАП

КАП — топоним. Кыргыздар калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо, алардын Үрбү, Мунар баш болгон Арсы калдайдын аскерлери менен беттешкен жерлердин бири. «Кап экен ушул коосу деп, Жымырайган жыластын түк билинбейт оозу деп» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 540-б.) эпосто ал жер өзүнүн көрүнүшүнө жараша ошондон бери К. аталып калганы айтылат. Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүндөгү тоо.

кап

кап (зат а.), кабы, каппы
кап тешер (чычкан)
кап кулкун сымалдар
(зоол.)

кап

кап (сырд.)

кап-

кап-, каап, кабат, каппа-

кап

I зат. 1. Жүндөн, кебезден токулган таар сыяктуу калың материалдан баштык формасында тигилген, эгин жана башка нерселерди салууга ылайыкталган мешок. Элүү кап эгин тийиптир Эрикпей эмгек кылганга (Үсөнбаев). Жүндү сорттоп, капка салып ылгашты (Осмонкул).
  1. 2.                  Кын. Алча моюн ак шамшар, Жулуп алып кабынан («Эр Табылды»). Уруш болгон абыдан, Суурулган кылыч кабынан (Тоголок Молдо).
  2. 3.                  Ичине бир нерсе салууга ылайыкталып жасалган баштыкча, идиш, куту же бир нерсенин сыртын жаап турган бөлүгү, сырты, жапкычы. Китеп кап. Жаздык кап. Аяк кап. Казан кап. Ширеңке кап.

¨ Карынын сөзүн капка салуу — карынын айтканын унутпоо, анын айткандарынан жакшы үлгү алуу. Жүрөгү кабынан чыгуу — жүрөгү болк этүү, корккондо, сүйүнгөндө апкаарып кетүү.
КАП II сырд. Өкүнгөндүктү, кейигендикти билдирүүдө колдонулат. Кап, ..Сабирага бекер айтыптырмын («САЖИ»). Кап, көпкө жүрсө болот эле ! (Шүкүрбеков).
КАП III этиш. 1. Тиштеп алуу (ит жөнүндө).
2. өт. Орон айтуу, катуу тийүү. Карышкырча жулунуп, Капкан ырчы болобу (Токтогул).
¨ Таш кабуу максатына, тилегине жетпей калуу, ойлогону орундалбай калуу. Таалайлуу элге катылган, Ташкапсын анын планы (Тоголок Молдо).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокап
Множ. числокаптар
Синонимы
тиште
Связанные слова
ит
үрүү
тиштөө
кабуу
Склонение по падежам - "кап"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кап
Родительный Чей?каптын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?капка
Винительный Кого?, Что?капты
Местный Где?, У кого?капта
Исходный Где?, У кого?каптан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?каптар
Родительный Чьи?каптардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?каптарга
Винительный Кого?, Что?каптарды
Местный Где?, У кого?каптарда
Исходный Откуда?, От кого?каптардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: