Menu
Эл-Сөздүк

БАШТЫК

«Манаптан баштык тиктирип, Жем илейин дечү элем, Мамыркандын ашына, Бир минейин дечү элем» (Тоголок Молдо). Бул кийизден, таардан, териден, кездемеден жасалып, түрдүү нерселерди салуучу жана жанда алып жүрүүчү чакан буюм, идиш. Ага ар кандай кийиз оюмдары, сайма, терме, чырмак көчөттөрү да түшөт. «Кыргыздын үйүндө кырк баштык бар» дейт. Аларга: туз баштык, самын баштык, чай баштык, жем баштык, нан баштык, аш (тамак) баштык өңдүүлөр кирет. Азыр баштыктар өз формасын жана колдонмолук маанисин өзгөртүп, жалаң жанда алып жүрүүгө шартташууда.

баштык

баштык (капчык), баштыгы, баштыкка
баштык үзөңгү

баштык

баштык (башчы) (сүйл.)

баштык

I зат. Бир нерсе салына турган кичинекей капчык. Баштык жебейт, баш жейт (макал). Шатен.. саймалуу кызыл баштыктан тамеки алып, Асанга ажардана карады (Аалы).
Ат баштык — аттын баш терисинен жасалган баштык. Жем баштык — атка жем илүү, жем берүү үчүн колдонулган баштык. Тообай Акбакайга жем баштыкты илип, жылкыларды аралай бастырды (Абдумомунов).
БАШТЫК II зат. сүйл. Башкаруучу, жетекчи, башчы.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: