Меню
Эл-Сөздүк

АСКЕР

АСКЕР — эпосто чакан бөлүкчөдөн тартып зор бөлүктөргө чейинки куралдуу адамдардын жыйындысынан турган согуштук күчтү билдирет. «Манас» эпосунун сюжеттик нугунан айкын көрүнүп тургандай негизги эки варианттын (Сагымбай, Саякбай) мазмунунун көпчүлүк бөлүгүн согуш жана согуштук аракеттерге байланыштуу окуялар түзөт. Натыйжада көп адамдар катышкан чоң масштабдагы согуштар эле эмес, тийип-качты мүнөздөгү анча чоң эмес согуштарга деле бир нече жүз миңдеген адамдар катышат да:
Найзанын учу жылтылдап,
Аскердин башы кылкылдап,
Асаба, туусу жалпылдап,
Аргымак аттар алкылдап,
Алтындуу тондор жаркылдап
Жер жайнаган көпчүлүк...
Калкандын баары калкылдап
Каруу-жарак жаркылдап (Сагымбай Орозбаков, 4.160),

шаңдуу көрүнгөн кыргыз жоокерлеринин эл таламын коргоп күрөшкөн иш-аракети элестүү сүрөттөлөт, к. Кошун.
С. Алиев

аскер

аскер
аскер-аба күчтөрү
аскер бөлүгү
аскер бөлүкчөсү
аскер-деңиз күчтөрү
аскер-деңиз флоту
аскер инспекциясы
аскер комиссариаты
аскер кызматы
аскер округу
аскер прокуратурасы
аскер тартиби
аскер трибуналы
аскер уюмдары

аскер

зат. 1. Мамлекеттин куралдуу күчтөрү же анын бир бөлүгү. Жөө аскер. Аттуу аскер.
2. Солдат. Кызыл Армиянын аскерлери жана командирлери.
Кызыл аскер — Кызыл Армияда кызмат кылуучу адам.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоаскер
Множ. числоаскерлер
Синонимы
жоокер
желдет
Связанные слова
армия
аскердик
Склонение по падежам - "аскер"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?аскер
Родительный Чей?аскердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?аскерге
Винительный Кого?, Что?аскерди
Местный Где?, У кого?аскерде
Исходный Где?, У кого?аскерден
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?аскерлер
Родительный Чьи?аскерлердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?аскерлерге
Винительный Кого?, Что?аскерлерди
Местный Где?, У кого?аскерлерде
Исходный Откуда?, От кого?аскерлерден

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: