Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Өрт коюу

ӨРТ КОЮУ – атайлап же байкабастыктан жасаган иш-аракеттердин натыйжасында өрт чыгуусу жана андан кийин өрттүн өз бетинче күчөп кетүүсү. Кылмыш-таануу мүлккө Ө. к-ну (камсыздандыруу алдамчылыгы), коркунучтан Ө. к-ну (пиромания, киши өлтүрүү), сексуалдык, көз караштык мотивдер боюнча, өч алуу, көрө албастыктан жана башка аракеттерди жаап-жашырууга багытталган кылмыш иретиндеги Ө. к-ну ажыратып карайт. Байкабастыктан Ө. к. күйүүчү материалдардын жанында өрт чыгуучу булактарды талаптагыдай пайдаланбагандыктан келип чыгат, бирок техникалык түзүлүштөрдөгү бузулуулардан да келип чыгышы мүмкүн. Кылмыш-жаза укугу Ө. к-ну ардайым өзалдынча кылмыш курамына бөлүп караган жана эң оор кылмыш катары жазалап келген. Мындай мамиле айрым мамлекеттерде ушул кезге чейин сакталган. КР кылмыш-жаза мыйзамы боюнча Ө. к. өзалдынча кылмыш курамы катары эмес, кылмыш жасоонун жалпы коркунучтуу ыкмасы катары каралат (мүлктү атайлап жок кылуу же зыянга учуратуу, токойлорду атайлап жок кылуу же зыянга учуратуу, террорчулук, диверсия).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: